Матраимов "Райым миллион" лакап атын ким койгонун айтты

Ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен болгон мамилесине кеңири токтолгон.
Sputnik

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Мамлекеттик Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов 13-майда экс-президент Алмазбек Атамбаевге болгон видео кайрылуусунда ага "Райым миллион" деген лакап атты ким койгонуна токтолду.

"Сиздин командаңызга кошулганга чейин жөн гана Райымбек болсом, кийин эле сиз Райым миллион атка кондурдуңуз", — деди ал.

Матраимов ошондой эле Аллахтын колдоосу жана жеке аракети менен бажы тармагында катардагы инспектордон тарта Ош бажысынын бажычылыгына чейин жеткенин белгиледи.

Ал өз кайрылуусунда атасынын жаркын элесине арнап өткөргөн спорттук беттешти Атамбаевге таандык делген жана ага тилектеш болгон ЖМКлар бир беткей кылып чагылдырганын айткан.

Чуусу көп Матраимовдор. Бир туугандардын таржымакалы жана мал-мүлкү
Андан сырткары, экс-президент акыркы 1,5 жыл аралыгында бир нече жолу ЖМК аркылуу аны тынымсыз каралап, коомчулукка жек көрсөтүп жаманатты кылып жатканын белгилеген.

Кара мышык аралаган мамиле

Матраимов Атамбаев менен болгон мамилеси эки аялдын чатагынан кийин бузулганын айтты.

"2017-жылы октябрь айында кайнежем менен кызыңыз унаа токтотуучу жайлардын биринде орун талашып урушуп кетти, анын кесепети мага тийди. Эки аялдын чатагынан кийин мага болгон мамилеңиздин 100 пайызга өзгөргөнүнө таң калам", — деди Матраимов.

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Атамбаевдей мультимиллионер болбосо да бардар жашоодо жашай турганын билдирген.