Кирешеси миллиондорду чапчыган кыргызстандык аткаминерлер. Тизме

2016-жылы көп киреше тапкандардын арасында элчилер арбын болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Салык төлөгөн элге жогорку кызматтагы аткаминерлердин айлыгы ар дайым кызыгууну жаратып келет.

Анткен менен бул тема жабык, себеби алар декларациясына жалпы гана кирешесин, мүлктөрүн жарыялайт.

Көчөдө жашайбы? Чүйдүн итке минген жана эң бай акимдеринин тизмеси
Sputnik Кыргызстан редакциясы кирешеси жылына 2 миллион сомдон ашкан мамлекеттик кызматкерлердин тизмесин түзүп чыкты. Маалыматтар алардын толтурган декларациясынан алынды (2017-жыл).

Белгилей кетүүчү нерсе, президент Сооронбай Жээнбековдун кирешеси 900 миң сомдон азыраак экен. Бул тизмеде учурда мамлекеттик кызматта иштеп жаткандар туурасында гана сөз болот.

Баса, алардын 2017-жылы ээлеп турган кызматтары кашаага алынып берилген. Кирешелер сом менен белгиленди.

5 миллиондон ашкан кирешенин ээлери:

  • Улуу Британиядагы элчи Гүлнара Искакова — 5 миллион 439 миң;
  • Алматыдагы башкы консул Алиясбек Алымкулов — 5 миллион 23 миң.

4 миллиондон ашкан кирешенин ээлери:

  • Сүлүктү шаарынын мэри Рахманберди Абдыназаров —4 миллион 751 миң;
  • БУУнун жана Женевадагы бир катар эл аралык уюмдардын туруктуу өкүлү Данияр Мукашев — 4 миллион 69 миң.

3 миллиондон ашкан кирешенин ээлери:

  • Украинадагы элчи Жусупбек Шарипов (көп бөлүгүн ал 2017-жылы Кувейттеги элчиликте иштеген) — 3 миллион 980 миң;
  • АКШнын элчиси Болот Отунбаев (Россияда элчи болуп турган) — 3 миллион 968 миң;
  • Индиядагы элчи Асеин Исаев (Бельгияда элчи болуп турган) — 3 миллион 886 миң;
  • Белоруссиядагы элчи Кубанычбек Өмүралиев — 3 миллион 374 миң;
  • Германиядагы элчи Эринес Оторбаев — 3 миллион 718 миң;
  • Сауд Аравиядагы элчи Абдилатиф Жумабаев — 3 миллион 547 миң;
  • Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев (Коопсуздук кеңешинин катчысынын биринчи орун басары болуп турган) — 3 миллион 521 миң.

2 миллиондон ашкан кирешенин ээлери:

  • Афганистандагы элчи Мирослав Ниязов (Тажикстанда элчи болуп иштеп турганда) — 2 миллион 814 миң;
  • Пакистандагы Эрик Бейшембиев —2 миллион 464 миң;
  • Бириккен Араб Эмирлигиндеги элчи Чыңгыз Эшимбеков — 2 миллион 464 миң;
  • Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев (президенттин кеңешчиси, президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары) —2 миллион 368 миң;
  • Жалал-Абад облусундагы Ноокен районунун акими Эркинбек Маматаев - 2 миллион 257 миң;
  • Президенттик аппараттын тышкы саясат боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков (Өзбекстандагы элчи учурунда) — 2 миллион 247 миң;
  • Кытайдагы элчи Канайым Бактыгулова — 2 миллион 65 миң.

Эске сала кетчү учур, бул жерде айлык акы гана эмес, иштеген негизги ишинен алынган башка кирешелер да көрсөтүлгөн.

2016-жылы көп киреше тапкандардын арасында элчилер арбын болгон. Ал тизмеде негизги ишинен тапкан кирешеси белгиленген.