Баткендин киши колдуу болгон прокурорунун ордуна жаңысы дайындалды

Мурдагы прокурор былтыр каза болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Абдибакыт Халмурзаев Баткен облусунун прокурору болуп дайындалды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Буйрук 8-майда чыккан. Жаңы прокурор Абдибакыт Халмурзаев өкмөттүн Баткен облусундагы мурдагы өкүлү Абиш Халмурзаевдин бир тууганы.

Үч аймактын облустук сотторунун судьялары дайындалды
Абдибакыт Халмурзаев 2017-2018-жылдары Бишкекте прокурор болуп иштеген.

Мурдагы прокурор Анарбай Мамажакыпов былтыр киши колдуу болгон. Анын сөөгү 2018-жылы 18-ноябрга караган түнү Төрт-Көл суу сактагычына жакын жердеги жолдон табылган. Кылмышка шектүү катары Баткен мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Мелис Калыков кармалган. Милициянын маалыматы боюнча, ал Мамажакыповду мергенчилик курал менен атып, андан соң кылмышын жашыруу максатында денесин өрттөп салган.

Деген менен шектүүнүн да, маркумдун да туугандары тергөө иштерине нааразы. Алар ошол күнү аңчылыкка чогуу чыккан прокурорлордун да камалышын талап кылып жатышат.