Көтөрүп чаап, оодарып... Балбан Жолчубековдун Украинадагы турнирди уткан видеосу

Балбан 60 килограмм салмакта күч сынашты.
Sputnik

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Кыргызстандык балбан Каныбек Жолчубеков Украинада өткөн грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнирде алтын байгеге ээ болду. Маалыматты Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине спортчу өзү тастыктап берди. 

Жолчубековдун финалдык беттешин Instagram тармагындагы спорттук баракчалар да жүктөдү.

Бүгүн, 12-майда, Киев шаарында белгилүү украиналык спортчулардын жана машыктыруучулардын элесине арналган эл аралык турнир аяктады. Анда өлкө атынан жалгыз Жолчубеков катышып, 60 килограмм салмакта биринчи орунду камсыздаган. Ал квалификациялык, чейрек жана жарым финалда украиналык, грузиялык, азербайжандык спортчуларды уткан. 

Ал эми чечүүчү кармашта дагы бир азербайжандык балбан Сакит Гулиевди 7:0 эсеби менен жер каратып, чемпион болду. 

Көтөрүп чаап, оодарып... Балбан Жолчубековдун Украинадагы турнирди уткан видеосу

Каныбек Жолчубеков грек-рим күрөшү боюнча студенттер арасында дүйнөнүн эки жолку чемпиону, чоңдор арасында Азия чемпиону, Азия оюндарынын эки жолку күмүш медаль ээси. Ошондой эле бир канча эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү аталган.