БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Стадиондо түз эфирде репортаж жасап жаткан испаниялык журналист Моника Бенавенттин башына капыстан тийген топ ал эле эмес, көрүүчүлөр үчүн да жагымсыз болгон.
Окуя Европа лигасынын жарым финалы үчүн беттешке "Валенсия" менен "Арсенал" даярданып жаткан учурда болду.
Кадрдан белгисиз футболчунун тепкен тобу кыздын башына тийип, андан соң журналисттин жайылган чачы гана көрүнүп, эфир токтогондугу байкалат.
Бир аздан кийин кыз аяк-башын жыйып, түз эфирде ишин уланткан.