Кыргызстанга келген туристтерди министр өзү тосту. Аэропорттогу сүрөт

Жайкы сезондо Кыргызстанга биринчи болуп польшалык туристтер келди.
Sputnik

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропортунан жайкы сезон башталгандан бери биринчи болуп келген туристтер салтанаттуу түрдө тосуп алынды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Туристтер Польшадан келип, аларды министр Азамат Жаманкулов менен орун басары Максат Дамир уулу тосуп алды.

"Туристтерге электрондук карталар берилди. Анын жардамы менен телефон аркылуу Кыргызстандын кооз жерлери тууралуу жалпы маалымат алууга болот. Ошондой эле картанын жардамы менен мейманкана, ресторан жана такси сыяктуу тейлөө кызматтарында жеңилдиктер каралган. Андан сырткары, турист өзгөчө кырдаалга кабылган убакта картанын жардамы менен жүргөн жери тууралуу маалымат бере алат", — деп айтылат маалыматта.

Сынамык долбоор боюнча карталар азырынча "Манас" аэропортунан гана берилет. Эгер ал ийгиликтүү ишке ашса, башка көзөмөл өткөрүү пунктуларынан бериле баштайт.