BBC радиосу канзаданын ымыркайын шимпанзеге салыштырган кызматкерин иштен алды

Канзада Гарри менен Меган Маркл 6-майда уулдуу болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Улуу Британиянын BBC корпорациясы алып баруучусу Дэнни Бейкерди иштен алды. Бул тууралуу маалыматты алып баруучу өзү Twitter баракчасына жазды.

Елизавета II эмне тамак жейт? Канышанын мурдагы ашпозчусу үн катты
Маалыматка караганда, Бейкер соцтармактагы баракчасына канзада Гарри менен Меган Марклдын ымыркайын шимпанзеге теңеген пост чыгарган. Мындан улам ага корпорация тарабынан ушундай жаза колдонулган.

Алып баруучу төрөтканадан чыккан жубайлардын сүрөтүнө ымыркайдын ордуна маймылдын башы чапталган сүрөттү коюп, алдына "Падышачылыктын ымыркайы ооруканадан чыкты" деп жазган. Анын мындай билдирүүсү коомчулукта бир топ чуру-чуу жараткан.

Элдин мындай нааразычылыгынан кийин Бейкер билдирүүсүн өчүрүүгө аргасыз болгон.

Канзада Гарри менен Меган Маркл 6-майда уулдуу болуп, ага Арчи Харрисон Маунтбаттен-Виндзор деген ысым берилген.