Ак калпакчан кыргыздар Москвадагы "Өлбөс полкко" катышты. Видео

Видеодон кыргыздар өзүнчө басып, андан соң негизги топко кошулганын көрүүгө болот.
Sputnik

БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Социалдык тармактарга Москвадагы "Өлбөс полк" акциясына катышкан кыргыздардын видеосу жарыяланды.

Жүрүштү "Кыргыз биримдиги" коомдук уюмунун вице-президенти Улан Кошматов түз эфирде көрсөттү. Кадрдан элечек кийген энелер, ак калпакчан жигиттер Кыргызстандын желегин желбиретип баратканын көрүүгө болот.

Кыргызстандыктар кийин башкы колоннага барып кошулган. Жөө жүрүшкө катышкан миңдеген адамды РИА Новости агенттиги дагы түз алып көрсөттү.

Агенттик ошондой эле акцияга кыргыздар катышкандыгын белгилеген. "Өлбөс полкко" катышкандар Твер көчөсү менен Бульварныйдын кесилишинен баштап Кремлге чейин жөө барышкан.