Сатуучуну бычак менен коркутуп... Бишкектеги дүкөндөн тартылган видео

Бишкекте бир топ каракчылык иштерин жасаганы боюнча көрсөтмө бере баштады.
Sputnik

БИШКЕК, 9-май. — Sputnik. Борбор калаада бир топ каракчылык жасоого шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден кабарлашты.

Милиция белгисиз киши дүкөндүн сатуучусун бычак менен коркуткан видеосун социалдык тармакка жүктөдү.

Билдирүүгө ылайык, окуя 6-май күнү саат 21:00дө болгон. Эркек киши сатуучуга кысым көрсөтүп, кассадан акча алууга аракет кылган. Бирок оюн ишке ашырбай, белгисиз тарапка басып кеткен.

Бишкекте эки киши супермаркетти тоноп кетти. Учурдун видеосу
Аталган факты КРдин Жазыктар кодексинин 202-беренеси ("Каракчылык") менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган.

Натыйжада милиция 32 жаштагы шектүүнү колго түшүрдү. ШИИБдин версиясы боюнча, ал соода күркөлөрүн жана дүкөндөрдү тоноого дасыккан. Кармалган киши убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

ШИИБдин маалыматына ылайык, шектүү Бишкекте бир топ каракчылык иштерин жасаганы боюнча көрсөтмө бере баштады.