Түп районунун Талды-Суу айылынын 98 жаштагы тургуну Тенти Тамашаевдин таалайына Улуу Ата мекендик согушка эки жолу аттанууну буюрган экен. Биринчисинде 1941-жылы декабрда Пржевальск шаарындагы Педагогикалык училищени аяктары менен барып, 1942-жылы ноябрь айында жарадар болуп кайткан. Алты ай госпиталда дарыланган жоокер кичи мекени Талды-Сууда балдак менен жүрүп, балдарга билим берүү менен алектенген.
"Көөчү айылындагы 7 жылдык мектепте директор болчумун. Бир күнү Аскер комиссариатынан келип, "кийимиңди кий" деди, кийиндим. Киши жетпей жатканбы, билбейм, шашылыш эле Чкалов шаарындагы кавалериялык училищеге жиберишти. Ал жерде офицерликке даярдашты. Окууну аяктаган соң 150-дивизияга туш келдим. Командир болчумун, фронтто көп жерде болдум. Согуштун бетин ары кылсын. Башыбыздан нелер гана өткөн жок", — деп эскерди ал күндөрдү ардагер.
Ал 1945-жылы Берлиндеги Рейхстагды алган батальондун курамында болуп, үч күн Рейхстагда түнөп, жеңиштин туусун саюу аземинин күбөсү болгон. Ошол жерден Жуковду көргөнүн айтат.
Беш жыл өмүрүн мекенин коргоого арнаган жоокер Иосиф Сталиндин, Георгий Жуковдун ыраазычылык каттарын алган. Улуу Ата мекендик согуштун I жана II даражадагы ордени, "Ардак белгиси" ордени жана көптөгөн медалдардын, сыйлыктардын ээси.
Каарман согуш аяктагандан тартып Түп райкомунда, Пржевальск шааркомунда, Ысык-Көл обкомунда партиялык кызматтарда эмгектенген. Райондук аткаруу комитетинде төрага, колхоздо башкарма болуп, Түп райондук гезитте иштеп, 1984-жылы ардактуу эс алууга чыгат. 6 баланын атасы, 17 небере, 30дай чөбөрө жана кыбыраларды көргөн. Байбичеси мындан алты жыл мурун өтүп кеткен. Жеңиш күнү жакындаганда бул үй-бүлөдө той болот, ал бир нече күнгө созулат. Атага белек-бечкектер берилет.
Ардагер Улуу Жеңиштин 65, 70 жылдыгына карата Москвада уюшулган тарыхый параддарга катышып, Россия президенти Владимир Путинден сый-урмат көрүп кайткан. Уулу Артур Тентиев атасынын тиштери түшкөнүнө аз эле болгонун, көрүүсү да, угуусу да жакшы экенин айтып берди.
Ардагер Жеңиштен кийин айылына кайтып келгенин мындайча эскерди.
"Мен Түпкө келсем, айылдаштарым эки араба менен чөп ташып баратыптыр. Учурашып, кучакташып, арабанын бирине отурдум. Бир маалда жолдон атамды иниси менен көрдүм. Алар мени тосуп алганы жолго чыгышыптыр. Андагы кубанычты, сагынычты сүрөттөп бере албайм. Үйдөн энем ыйлап кучагыма боюн таштады... Согуштан кийин тамак-аш жетишпеген жашоону көрдүк. Ачкыл жарма менен гана тамактанган күн болгон. Азыр жакшы жашоодо жашайбыз", — деди Тамашаев.
Ал атасынын сүрөтүн чөнтөгүнөн алып чыгып, акырын көрсөтүп койду. "Бул сүрөт дайыма чөнтөгүмдө жашайт. Балдар бул жоругумду көп жактырышпайт. Жактырбаганына караймынбы, ал менин атам да",- дейт ардагер...