Видео Facebook тармагындагы баракчага коюлду.
Кытайдагы питомниктин кызматкерлери мындан бир нече убакыт мурда вольерге дөбөт карышкыр жашаган жерге иттин күчүгүн кошо жайгаштырышкан. Эки башка уюлдагы жаныбарлар тез эле тил табышып, бири-бирине көнүп да кеткен.
Питомникте иштегендердин айтымында, карышкыр итке өзгөчө боор тартып, ал тургай, курсагын ал тамагын жеп бүткөндөн кийин тойгузат. Күндөр улам агыла берип, экөөнүн достугу зоопаркка келген ар бир адамды кайдыгер калтырбай, кийин Интернеттеги жылуу маанайдагы талкуунун предметине айланган.