Мамкаттоонун мурдагы башчысы Дастан Догоев кармалдыбы? УКМКнын жообу

Бүгүн 8-майда айрым ЖМКлар Догоев кармалганын жазган болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Президенттин кеңешчиси (Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси) Дастан Догоев Улуттук коопсуздук комитетине (УКМК) сурак берип чыкты. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине анын адвокаты Бакыт Осмоналиев билдирди.

Бүгүн 8-майда айрым ЖМКлар Догоев чекисттер тарабынан кармалганын жазган. Бирок муну УКМК четке каккан болчу.

Тендерде уткан компания МКК жетекчилерин чет өлкөдө эс алдырып келген
Адвокаттын айтымында, Догоевди камакка алынган жок. Ал күбө катары сурак берүүгө чакырылган. УКМК кызматкерлерине доосу жок. Ал буга чейин биометрикалык паспортту чыгарууда корупциялык иштерди жасады деп кармалган. Мамкаттоонун жетекчилеринин иши боюнча көрсөтмө берген.

Буга чейин УКМК тендер чуусу боюнча үч аткаминерге айып тагып, кармаган. Кийин соттун чечими менен Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисинин орун басары Руслан Сарыбаев үй камагына чыгып, статс-катчы Талант Абдуллаев жана "Инфоком" компаниясынын директору Талант Абдуллаев тергөө абагына киргизилген.