Ош шаарында өзү кыйган терек басып калган киши каза болду

Маркум окуя болгон жерде көз жумган.
Sputnik

ОШ, 6-май — Sputnik. Ош шаарында үйүнүн бакчасында өсүп турган теректи кыйып жаткан киши бактын алдында калып каза тапты. Маалыматты Ош шаардык милициясынан тастыкташты.

Бишкекте бак кулап, таксисттин автоунаасын басып калды. Сүрөт
Ага ылайык, окуя 3-май күнү саат 20:00дөр чамасында калаанын Амир-Темир кичирайонунун 114-көчөсүндө болгон. Бак басып калган киши 35 жашта экендиги белгилүү болду.

Кырсык катталган учурда жабырлануучуну Ош облустук ооруканасынын кабыл алуу бөлүмүнө жеткиришкен. Бирок маркум алган жаракатынан окуя болгон жерден каза болгону аныкталган.