Асманда өрттөнгөн учак. Каргашанын себептери айтылды

Авиакырсыктан 41 киши каза тапты.
Sputnik

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Россиянын Тергөө комитетинин расмий өкүлү Светлана Петренко тергөөчүлөр Шереметьеводогу кырсыктын келип чыгышына эмне себеп болгонун иликтеп, бир катар версияны карап жатканын РИА Новости агенттигине билдирди. 

Анын айтымында, кырсыктын келип чыгышына негизинен төмөнкү жагдайлар себеп болушу мүмкүн:

  • Учкучтардын, диспетчерлердин жана борттун техникалык абалын текшерген кызматкерлердин тажрыйбасынын аздыгы;
  • Аба кемеси бузулган;
  • Жагымсыз метео шарттар.

Жардамга!.. Шереметьевого өрттөнүп конгон учактын ичинен тартылган видео
Окуя 5-майда болгон. Sukhoi Superjet 100 учагы Москвадан Мурманскиге учуп, абага көтөрүлгөндөн кийин 28 мүнөттөн соң Шереметьево аэропортуна конууга аргасыз болгон. Учак аба ырайынын катаалдыгынан улам экинчи жолку аракетинде гана коно алган. Жерге конуп жатканда кыймылдаткычтары иштебей калып, күйүп кеткен.

Учактын ичиндеги 78 жүргүнчүнүн 37си гана аман калган. Алардын 33ү жүргүнчү болсо, төртөө экипаждын мүчөсү.

Алты киши ооруканага жаткырылып, үчөө оор абалда экени айтылды.

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги кырсыктан каза тапкандардын жана жабыркагандардын арасында КР жарандары жок экенин маалымдады.