БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Шереметьево аэропортунда кырсыктаган "Аэрофлот" компаниясынын Sukhoi Superjet 100 учагында каза болгон жүргүнчүлөрдүн саны 41ге жетти. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги билдирди.
Ага ылайык, учактын ичиндеги 78 жүргүнчүнүн 37си гана аман калган. Алардын 33ү жүргүнчү болсо, төртөө экипаждын мүчөсү.
Тирүү калгандардын тизмесин "Аэрофлот" өз сайтына жарыялады.
Sukhoi Superjet 100 учагы Москвадан Мурманск багыты боюнча учуп, абага көтөрүлгөндөн кийин 28 мүнөттөн соң Шереметьево аэропортуна конууга аргасыз болгон. Учак аба ырайынын катаалдыгынан улам экинчи жолку аракетинде гана коно алган. Жерге конуп жатканда кыймылдаткычтары иштебей калып, күйүп кеткен.
Мурманск облусунун жетекчилиги тарабынан аймакта үч күндүк аза күтүү жарыяланды. Облустун каза болгон тургундарынын жакындары миллион рублден компенсация алат. Ал эми ооруканага жеткирилгендерге 500 миң рублден берилет.