Бишкекте "Коопсуз шаардын" дагы 9 камерасы ишке кирет. Көчөлөрдүн тизмеси

Жаңы комплекстер 7-майдан тарта ишке кирет.
Sputnik

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Бишкектеги дагы тогуз кесилиште "Коопсуз шаардын" камералары иштей баштайт. Бул тууралуу Маалыматтык технология жана байланыш мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

Жаңы программалык комплекстер 7-майдан тарта төмөнкү кесилиштерде иштейт:

  • Бөкөнбаев көчөсү менен Манас проспектиси;
  • Чүй жана Манас проспектилери;
  • Чүй проспектиси менен Павлов көчөсү;
  • Жибек Жолу менен Манас проспектилери;
  • Махатма Ганди менен Боталиев көчөлөрү;
  • Жибек Жолу проспектиси менен Курманжан датка көчөсү;
  • Ахунбаев жана Байтик баатыр көчөлөрү;
  • Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсү;
  • Байтик баатыр жана Максим Горький көчөлөрү.