Ошто 2 жашар баланын өлүмүнө шектелген келин тергөө абагында көз жарды

Кош бойлуу шектүү алтынчы баласын жарыкка алып келди.
Sputnik

ОШ, 6-май. — Sputnik. Ош шаарында кайнисинин эки жашар уулун сабап өлтүрүүгө шектелип камакка алынган келин 5-апрелде эркек бала төрөдү. Бул маалыматты Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымат катчысы Элеонора Сабатарова тастыктады.

Анын айтымында, шектүү келин 2019-жылдын январь айынан бери Жалал-Абад шаарындагы аялдардын тергөө абагында кармалууда.

Эске сала кетсек, 2019-жылдын 10-январында саат 15:00 чамасында 2 жаштагы баланы туугандары оор абалда Ош облустук балдар ооруканасына жеткиришкен.

Алайда жергиликтүүлөр сабаган үч майып жигиттин жакындары митингге чыкты
Бирок наристе эс-учуна келбей каза болгон. Анын ата-энеси ажырашып кеткен. Бала атасынын колунда калган. Каргаша болордо атасы Россияга иштегени кетип, карап калган чоң энеси ооруканага жатып калгандыктан, небересин убактылуу карап туруу үчүн эң улуу уулуна тапшырган.

Келин өз көрсөтмөсүндө наристе шымын булгаганы үчүн чымчып, бутка чаап жүргөнүн айткан.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин (эски кодекс) 138-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пункту ("Этиятсыздыктан ден соолукка өлүмгө алып келүүчү оор залал келтирүү") менен кылмыш иши козголуп, учурда иш Ош шаардык сотунда каралып жатат.

Абакта жаткан келиндин 5 баласы бар.

"Кызыл крест" коомунун көмөгү менен абакта төрөлгөн балага манеж жана башка керектүү буюмдар сатып берилди", — деди Сабатарова.

Көз жарган келин башка бөлмөгө которулган.

Учурда аталган кылмыш иши боюнча тергөө аяктап, сотко өткөрүлдү. Бирок сот отуруму качан болору белгилене элек.