Жээнбеков Конституциялык палатанын мааниси менен милдетин айтты

Президент мамлекетте туруктуулукту камсыз кылууда Конституциялык палата чоң роль ойной тургандыгын белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 4-май. — Sputnik. Мамлекеттин жашоосунда сот системасы өзгөчө орунга ээ жана өз ишмердүүлүгүн саясатташтырбастан туруктуулуктун, коомдун тазалыгынын кепилдиги катары таанылышы керек. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялары менен жолугушуу учурунда айтты.

Мамлекет башчысы бардык кыргызстандыктарды жана Конституциялык палатанын судьяларын эртең, 5-майда, белгиленүүчү Конституция күнү менен куттуктады.

Президент мамлекетте туруктуулукту камсыз кылууда Конституциялык палата чоң роль ойной тургандыгын белгиледи.

"Биздин максат — элдин мамлекеттик бийликке карата жок болуп кеткен жана эки жолку революцияга алып келген ишенимин кайтаруу. Мындай окуялар кайталанбашы үчүн биз ачык бийлик системасын, адам укугу сакталган таза коом курушубуз керек. Президенттен баштап ар бирибиз өзүбүздүн ак ниет, таза ишибиз менен үлгү көрсөтүшүбүз керек", — деди Жээнбеков.

Жээнбеков: Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүнүн зарылдыгы жок
Конституциялык палатанын төрагасы Эркинбек Мамыров, судьялар Эмиль Өскөнбаев жана Курмантай Абдиев өлкө башчысына жолугушуу үчүн ыраазычылык билдиришти. Алар Конституциялык палатанын ишмердүүлүгү, пландары жана милдеттери, кабыл алынган чечимдер тууралуу айтып беришти.

Жолугушуунун соңунда президент Конституциялык палатанын судьяларына Чыңгыз Айтматовдун чыгармалар жыйнагын белек кылды.