БИШКЕК, 3-май. — Sputnik. 7-апрелде Алматы — Ош — Алматы каттамы ачыла турганын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысына "Манас" эл аралык аба майданынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Рейстер QAZAQ AIR авиакомпаниясына таандык болот. Bombardier Q400 NextGen заманбап аймактык лайнерлери жумасына эки жолу — дүйшөмбү жана жума күндөрү каттайт. Билеттин баасы бир тарапка учуу үчүн 48 долларды түзөт. Жетүү убактысы 1 саат 5 мүнөт.
Кыргызстандан Алматыга азырынча "Манас" аба майданынан гана учууга болот.