Эреже бузганы үчүн жалбарып кечирим сураган автоинспектор. ЖКККББ эмне дейт

Окуя боюнча кызматтык иликтөө башталды.
Sputnik

БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Өзү жол эрежесин бузуп унаа айдап бара жатканы видеого тартылып калган Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкери Ысык-Көл облусунда иштейт. Бул тууралуу КР ЖКККББнын маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин интернетте жол инспектору эреже бузуп машина айдап бара жаткан видео тараган. Анда милиционер видеону тартып жаткан адамдан кечирим сурап, аны таратпай эле коюшун суранган.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан видео өткөн аптада тартылганын маалымдашып, андагы Ысык-Көл облусунда иштеген инспектордун үстүнөн кызматтык иликтөө башталганын билдиришти.