Жакшы иш-чара болду! Төрага Матраимовдордун турнирине барганы боюнча үн катты

Төраганын айтымында, Искендер Матраимовдун инисине карата айтылган коомдун пикирин негиз кылып кесиптешинин иш-чарасына барбай коюуга себеп жок.
Sputnik

БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков парламент радиосунда маек куруп жатып, бир тууган Матраимовдордун Кара-Суудагы иш-чарасына барганы боюнча жооп берди.

Төрага аны депутат Искендер Матраимов чакырганын айтып, андай иш-чарага барууга мыйзам тыюу салбай турганын белгиледи (Видеонун 11:20 мүнөтүндө — ред.).

"Биринчиден, кечээ жалпы майрам болчу. Депутаттарыбыз мындай иш-чараларды өткөрүп эле жүрөт, көп жерлерге барып келебиз. Ушул сыяктуу эле кечээ Искендер Исмаилович маркум атасынын элесине арнап Кара-Суунун жаштарын, аксакалдарын чогултуп, спортчулардын башын бириктирип турнир өткөрдү. Элге чай берди. Мындай иш-чараны жылда эле өткөрөт экен. Быйыл 1-май жана 9-майга карата деп согуш ардагерлерин да чогултуптур. Биз аларга белектерибизди ала бардык, бир унаа тапшырдык. Кара-Сууда жети ардагер калыптыр, алардын эң улуусу  104 жашта экен, ага автоунаа белек кылдык", — деди Жумабеков.

Матраимовдордун турнирине эмнеге бардыңыз? Бороновдун жообу видеодо
Ошондой эле ал иш-чарага миңдеген адам келгенин айтып, депутаттар эл менен аралашып, баарлашып кайтканын билдирди. Ал эми Райым Матраимовго карата айтылган пикирлерге таянып барбай коюуга себеп жок деп эсептейт.

"Сенин иниңе коомдо ушундай пикирлер айтылып жатат деп барбай коюуга себеп жок деп ойлойм. Биздин ал жерге барышыбызга эч бир мыйзам тыюу салбайт. Куттуктоо сөзүбүздү айттык. Жакшы иш-чара болду деп толугу менен айта алам", — деди төрага.

Ошондой эле ал өзү да, депутаттар да чыгымдарды өз чөнтөгүнөн сарптаганын кошумчалады.