Нур-Султан менен Алматыда президенттик шайлоого каршы митинг өттү

Чогулгандарга прокуратура өкүлдөрү барып, алардын мындай кадамы мыйзамга туура келбей турганын айтышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Нур-Султан жана Алматы шаарларында жүздөгөн адам президенттик шайлоону өткөрүүгө каршы митингге чыгышты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Алматы шаарында нааразычылык акциясы "Маданият жана эс алуу" улуттук паркында өтсө, Казакстандын борбору болгон Нур-Султанда митингчилер шаардык администрациянын жанына чыгышкан.

Митингдин катышуучулары келе жаткан президенттик шайлоого жана Атом электр станциясынын курулушуна каршы чогулушкан. Ошондой эле майыптыгы бар адамдарды жана көп балалуу энелерди социалдык жактан колдоону жакшыртуу талабын коюшту.

Чогулгандарга прокуратура өкүлдөрү барып, алардын мындай кадамы мыйзамга туура келбей турганын айтышкан.

Казакстанда президенттикке талапкерлерди көрсөтүү аяктады
Полиция кызматкерлери нааразычылык акциясынын катышуучуларын коштоп, бирок каршылык көргөзүшкөн эмес.

Буга чейин Казакстандын борбор калаасынын атын алмаштырууга каршы жана демократиялык реформаны талап кылып митингге чыккандардын ондогон катышуучусун полиция кармап кеткен.

Дүйшөмбү күнү Казакстандын башкы прокуратурасы митинг өткөрүү боюнча соцтармак жана мессенджерлердеги чакырыктардан улам жарандарга каршылык акцияга чыгуу мыйзамсыз экенин эскерткен.