БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев кесиптеши Искендер Матраимовдун чакыруусу менен төрага Дастан Жумабеков баштаган эл өкүлдөрү спорттук иш-чаранын ачылыш аземине катышканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.
Анын айтымында, бул мелдешке Өзбекстандан да спортчулар келишкен.
"Спорттук иш-чаранын ачылышында 9-майга карата да ардагерлерге төрага жана биринчи вице-премьер өз белектерин тапшырды. Искендер Матраимов биздин кесиптешибиз. Ал бизди спорттук иш-чаранын ачылыш аземине чакырган. Бул жерде эч кандай саясат жок", — деди Тиллаев.
Ал эми депутат Нурбек Алимбеков депутаттардын тобу Кара-Сууга Искендер Матраимов жана Төрөбай Зулпукаровдун чакыруусу менен келгенин белгиледи.
"Алгач Кара-Суудагы турнирдин ачылышына катыштык. Азыр Төрөбай Зулпукаровдун чакыруусу менен Ноокенге иш-чарага баратабыз", — деди ал.
Алимбеков ошондой эле депутаттар бул жакка өз каражатына келгенин жана кечинде эле кайта Бишкекке кайтышарын кошумчалады.
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун маалымат катчысы Эльвира Темир бүгүн, 1-май, спикерге эс алуу күн экенин айтты.
"Ал эс алуу күнүн өзү каалагандай өткөрүүнү чечкен. Аны депутат Искендер Матраимов чакырган. Төрага ал жакка өзүнүн каражатына барды", — деди ал.
Эльвира Темир, андан сырткары, бул расмий эмес, жеке сапар экенин белгиледи.
Анда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовдун да жүргөнүн көрүүгө болот. Эске сала кетсек, 2017-жылы ошол кездеги премьер Сапар Исаков Матраимовду "ишенимден чыкты" деген жүйө менен кызматынан бошоткон. Бирок Матраимов кызматтан мыйзамсыз алынганын айтып сотко кайрылган.
2018-жылы 25-июлда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Матраимовдун кызматтан мыйзамсыз алынган деген доосун карап, аны канааттандырган болчу.