Айсулуу Тыныбекова килемде чимирилгенде... Балбандын машыккан видеосу

Кыргызстандык балбан журналисттерге машыгуусун көрсөттү.
Sputnik

Айсулуу Тыныбекова 26-апрелде Кытайдын Сиань шаарында өткөн Азия чемпионатында алтын байге уткан. Аны Бишкекке келгенде күйөрмандар менен активисттер салтанат менен тосуп алышкан. Кечээ, 30-апрель күнү, эртең менен журналисттер үчүн маалымат жыйын куруп, кечке жуук спорттук залдардын биринде журналисттер үчүн кантип машыгарын көрсөттү.

Айсулуунун машыктыруучусу: расмий тосуп алуунун кереги жок деп өзүбүз айтканбыз
Айсулуу Тыныбекова келечектеги эң башкы максаты 2020-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарында алтын медаль алуу экендигин белгилеп, учурда Нур-Султан шаарында болчу Дүйнө чемпионатына даярданып жатканын кошумчалады.

Тыныбекова Кыргызстандагы балбан кыздардын сап башында турат. Азиянын үч жолку чемпиону. Ал 2016-жылы Бангкокто жана 2017-жылы Индияда өткөн Азия чемпионатында алтын медаль тагынган болчу. Рио-де-Жанейродо өткөн Олимпиадада бешинчи орунду алган. Ошондой эле Азия оюндары жана Ислам тилектештиги оюндарында чемпиондукту багындырган. 2017-жылы Дүйнө чемпионатынан коло алган. Мындан сырткары, күмүш, коло медалдарды бир нече ирет уткан. КРдин эмгек сиңирген спортчусу, "Даңк" медалынын ээси.