БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Бишкектин Биринчи Май райондук соту жээнин байлап, машинасы менен бир нече метрге чейин сүйрөп барды деп шектелген кишини үй камагына чыгарды.
Шаардык милициянын маалыматы боюнча, чечим бүгүн кабыл алынган.
Белгилей кетсек, окуя 27-апрель күнү болгон. "Бала сабалууда" деген билдирүүдөн кийин милиция кызматкерлери окуя болгон Алтын Казык жаңы конушуна барышкан. Ал жактан 9 жаштагы тестиерди BMW унаасына байлап, бир нече метрге чейин сүйрөткөнү аныкталган. Шектүүнүн айтымында, ал мындай кадамга тарбия берүү ниетинде барган.
Сүрөттөрдөн баланын далысы айрылып, канталап турганын көрүүгө болот.
Жабыркаган тестиер ооруканага жеткирилген. Милициянын маалыматы боюнча, баланын энеси уулун төркүнүнө таштап, Россияга иштегени кеткен.
Шектүү кармалып, факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш жаза кодексинин 266-беренеси боюнча каттоого алынды. Окуянын чоо-жайы такталып жатат.