Темир базардан өмүр базарга карай. Эксперимент уланат...

Бу сапар Нуржигит Кадырбеков кичинекей мисал менен китеп окуунун баалуулугун жана ага кызыктыруунун жолун айтып берди.
Sputnik

Колумнист окулган китебин сары майдай сактап, бирөөдөн кызганып, каадаланып жаткан адамды кайрымдуулуктан акчасын аяган сараңга салыштырган.

Тузак

...Министрликте бирөөгө ысык-суугу тийбеген, баскан-турганы шайдоот, жашы 20лардагы бир жигит иштейт. Анын алып баруучу, тамада экенин айтышты. Алдыман жолугуп салам берип калса чыгармачылыгы, алып баруучулук өнөрү кантип жатканын сурап коём. Бир жолу өзүм жакшы көрүп окуган кыска-нуска, таасирдүү жана ибараттуу окуялардан, учкул сөздөрдөн турган чакан китепчени көтөрүп баратсам, баягы жигит эшиги ачылган иш бөлмөсүндө компьютерине тигиле карап отурат. Оюма бирдеме кылт этти да, анын жанына бардым...

— Салам алейкум.

— Алейким салам, келиңиз, — деди ал менин иш бөлмөсүнө кирип барарымды күтпөгөнү билине алактай.

— Мына бул китеп сенде болуп турсунчу, ээ, — дедим, колумдагы жыйнакты ага суна. — Кайра келе жатканда алам.

10-15 мүнөт өткөн соң баягы тушка келип ачык эшиктен акырын саресеп салсам, жигит күткөнүмдөй эле китепти кызыга үңүлүп окуп жатыптыр. Кирип барсам, ордунан турган абалда тосуп алды, бирок китебимди дароо кайтарган жок. Демек, жыйнак ага аябай жакса керек.

— Алып кетейинби же бир аздан кийин бересиңби? — десем:

— Бир аздан кийин алып барсам болобу? — деди, көктөн издегени жерден табылгандай кубана. — Айрым беттерин ксерокөчүрмөдөн өткөрүп алсам дегем.

— Макул... — деп кеңсеме жөнөдүм.

Жаркын маанайда жүрүүнүн 15 эрежеси. Таңдын ырыскысы тууралуу
Бир адамдын болсо да китеп окуусуна себеп болуу тилегим ошентип аткарылды. Эгерде китепти эмки жумада же аркы айда кайра алам деп берсем же белек кылсам, жигит, балким, кийин окуйм деген таризде тартмасына салып коймок. Ошол бойдон ачып барактайт беле, жокпу, бир Жараткан билет. "Эртеңкиге чейин каалагандай иштет, ашканын кайра алам" деп көп акча берсең, ошол акчаны сарптап түгөтүү камында тынбастан күндү күпүрөп, түндү түпүрөп өткөргөн жан сыяктуу буюмду мына азыр эле кайра алам деп убакытты чукул мерчемдеп туруп аманат кылсаң, ким эле болбосун ошол аралыкта андан алчусун алып, көрчүсүн көрүп, татчусун татып калууга ашыгат тура.

Китеп таркатуу — айкөлдүк

Ошентип, мен ал кесиптешимди бир китепке байладым. Эми суранса эки күнгө бере турам. Кааласа мөөнөтүн дагы узартып коём. Максатым — май аңдыган мышыктай кайра китебимдин колго тийишин күтүү эмес, ал китепти тигиге жана ал сыяктуу адамдарга мүмкүн болушунча окутуу... Мен аны бат эле кайтарып алып эмне кылам? Бир эмес, бир нече жолу окуп чыккам. Кайран китеп, эми дагы качан ким келип ичимди ачат деп арманда буугуп, текчемде турганда эмне... Адамдар окуй берсин, жан дүйнөсүн байыта берсин, телесериалга, ушак айтышууга, саясатты талкуулоого, телефон чукулаганга кеткен убактысын сарамжалдап, дүйнө таанымын, сөз байлыгын, ааламга көз карашын кеңейтсин.

Окулган китебин сары майдай сактап, бирөөдөн кызганып, каадаланып жаткан адам деле кайрымдуулуктан акчасын аяган сараңдан эмне айырмасы бар. Китеп таркатуу — руху ачкаларга, ал эми акча таркатуу — курсагы ачтарга кайрымдуулук, айкөлдүк. Руханий жактан да берешен бололу...

Аш-тойдон таалим-тарбия мектебине

Жер байлыгы алтын-күмүш болсо, эл байлыгы эмне? Салам берүү сабагынан
Китеп тузагын тартып, окууга ушинтип кызыктыруу экспериментин жаш кесиптешимден баштаган себебим, ал — алып баруучу. Мергенчиге ок-дарынын запасы кандай керек болсо, алып баруучуга сөз байлыгы, ибараттуу икаялар жана жүрөктүн толтосуна таамай таасир этчү учкул сөздөр дал ошондой керек. Аш-тойду, салтанатты алып баруу — бул опсуз оюндарды ойнотуу менен ыксыз азил-тамаша айтуунун гана эмес, адамдардын суусаган жан дүйнөсүнө нарктуу накыл-насаат, бараандуу баян, акыл көрөңгө үчүн пайдалуу маалыматтар, изги илим-билим менен кандыра сугаруунун да мүмкүнчүлүгү. Жүзгө жылмаюу тартуулоодон да жүрөккө ыйман, мээрим үрөнүн себүү алда канча маанилүү эмеспи. Алып баруучунун деңгээли бийик, акылы тунук, билими терең, ыйманы бекем болсо, аш-тойлор таалим-тарбиянын элдик мектебине айланмак. Анткени университетке, кыска мөөнөттүк окууларга, тренинг-семинарга, китепканага барбаганы канча экенин билбейм, бирок тойго барбаган кыргызды табуу кыйын. Аш-той — бул дээрлик ар бир кыргыз катышып, үлүшүн кошкон бирден-бир "элдик долбоор". Ошондуктан той башкарчуларды китеп дүйнөсүнө алып кирүү — олуттуу озуйпа.

Көз көрсө көңүл самайт

"Көргөн аштын күйүтү катуу" дейт кыргыз. Анын сыңарындай, соодаңды жүргүзөм десең сатчу буюмуңду эл көрчү жайга кой. Болбосо, маалымат каражаттары, социалдык түйүндөр аркылуу же оозмо-ооз жарнамала. Жарнама менен топуракты торттой саткандар бар го. Ошондуктан китеп кайда барсак көзүбүздө болсун, же жок дегенде сөзүбүздө болсун.

Көз, ой жана мээнин мегабайты. Өргө жетелечү өнөргө орун калбай калбасын...
Алтын, күмүш — сапаттуу темир, ал эми китептен алчу акыл, идея, билим — бул сапаттуу өмүр. Темир базары кызып, өмүр базары сумсайган доордо жашап турабыз. Өнүгүүгө карай илбирстей секирик акчадан да акыл, идея, билим көбүрөөк айланган жерде, коомдо болот. Китеп — дал ушулардын турган турагы, конгон конушу, сакталган сандыгы. Биз ошон үчүн элибизди китеп окуш жагынан алдыңкы орунга айдактоо аракетиндебиз. Аракет изденүү жана амал менен болот. Жогорудагы окуя — адам менен китепти дос, бир тууган, сырдаш, сапарлаш жана маектеш кылуу максатында изденип тапкан бир амалымдын гана түшүмү.

Изденели. Эксперименттер улантылат...