Окумуштуулар өлүмдү эртелеткен азыкты атады

Адистер он жыл ичинде 70 жаш курактагы миңдей адамдын тамактануусуна байкоо жүргүзүшкөн.
Sputnik

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Майлуу балыкты ашыкча жеп туруу өлүм тобокелдигин 50 пайызга жогорулата турганын "Известия" шведдик окумуштууларга таянып жазды.

MedicalXpress маалыматы боюнча, окумуштуулар он жыл ичинде 70 жаш курактагы миңдей адамдын тамактануусуна байкоо жүргүзүшкөн. Натыйжада организминде полихлорировандык бифениласы (ПХБ) жогору ыктыярчылар башка тайпадагы адамдарга салыштырмалуу эрте каза табышкан.

Газдалган таттуу суунун зыяндуу жактары тизмектелди
ПХБ көбүнчө майлуу балыкта (лосось менен салака), кээде эт менен сүт азыктарында болору айтылат.

Адистер өлүмгө себеп боло турган жүрөк-кан тамыр ооруларын, жогорку кан басымды, кант диабетин, чылым чегүүнү, ашыкча салмакты жана холестериндин жогорку өлчөмүн эске алган эмес.

Буга чейин окумуштуулар тез бышыра салуучу азыктар, нан жана туздалган жер-жемиш ден соолукка бычак экендигин да маалымдашкан.

Ошондой эле америкалык окумуштуулар куурулган бир жумуртка болсо да мезгилинен эрте болчу өлүмдү 13 пайызга тездетет деген жыйынтыкка келген.