Гурбангулы Бердымухамедов ахалтекин аргымагына арнап рэп ырдады

Түркмөнстанда 27-28-апрелде ахалтекин аргымагынын улуттук майрамы белгиленди.
Sputnik

Көз жайнаткан ахалтекин аргымактары сүрөттө
Бул күндүн урматына ал небереси Керимгулы жазган музыкага сүйүктүү аргымагы Ровач тууралуу рэп ырдады.

Жылкынын ахалтекин породасы дүйнөдөгү эң байыркы жана көрктүүсү болуп эсептелет. Окумуштуулар аны азыркы Түркмөнстандын аймагында 5 миң жыл мурда пайда болгон деп айтышат.

Гурбангулы Бердымухамедов буга чейин жаңы жылга карата үч тилде ырдаган болчу.