Бишкекте ысык суу качан өчөрү айтылды

Тийиштүү буйрукка калаа башчысы Азиз Суракматов кол койду.
Sputnik

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Бишкекте 6-майдан тарта 6-июнга чейин ысык суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстанда крандан аккан суу кооптуу деген билдирүүгө министрлик жооп берди
Ага ылайык, тийиштүү буйрукка калаа башчысы Азиз Суракматов кол койду.

Мындай аракеттер ысык суу түтүктөрүн оңдоо жана жылытуу сезонуна даярдык көрүү үчүн жасалууда.

Калаа жетекчилиги келтирилген ыңгайсыздык үчүн тургундардан кечирим сурайт.

Белгилей кетсек, былтыр ысык суу 21-майдан 21-июнга чейин өчүрүлгөн