Бишкекте эки киши супермаркетти тоноп кетти. Учурдун видеосу

Кылмышкерлерди кармоо үчүн ИИМдин Криминалдык милициясынан жана Октябрь РИИБинин кызматкерлеринен ыкчам топ түзүлдү.
Sputnik

12-кичирайондогу "Супер Арзан" дүкөнүнө камуфляж кийип, беткап тагынган куралчан эки адам кол салган. Ал учурдун видеосун окурман WhatsApp каналга жиберген.

Кыргызстанда жол эрежесин бузгандардын айып пулу алынбай жатабы? ИИМдин жообу
КРдин Ички иштер министрлиги окуя болгонун тастыктады. Маалыматка караганда, аталган дүкөндү тоноо 28-апрелге караган түнү саат 00.30да болгон. Беткап кийген куралчан адамдар дүкөнгө кирип келип, кароолчу менен кассирди коркутушкан. Жыйынтыгында алар кассадан 35 миң сом алып кетишкен.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КРдин Жазыктар кодексинин 202-беренеси ("Каракчылык") менен кылмыш иши козголду. Кылмышкерлерди кармоо үчүн ИИМдин Криминалдык милициясынан жана Октябрь РИИБинин кызматкерлеринен ыкчам топ түзүлдү.

Шектүүлөрдү кармоо аракеттери көрүлүп жатат.