Биз бүгүн ошол каарман тууралуу 15 факты сунуш кылабыз.
Санирабигадан — Каныкейге. Бул каармандын өз аты Санирабига болуп, Манаска жар болгон соң кыргыздар арасында Каныкей аталып калат, бул "хан никейи", "хандын никедеги аялы" дегенди туюндурат.
Улуту жана кимдин кызы экендиги тууралуу маалыматтар ар түрдүү. Айтуучулардын айрым варианттары боюнча ал Кыйба же Кейип хандыгынын ханы Атемирдин кызы, кээ бир варианттарда Темиркан кызы, дагы бирөөлөр Карахан (Каракан) кызы деп айтышат. Бардык эле варианттарда белгилүү элбашынын бойго жеткен кызы болгон. Аны Букар ханынын кызы, улуту тажик дегендер да, жөн гана ошол жакка сүрүлгөн кыргыз хандарынын биринин кызы, атүгүл өзбек кызы деген пикирлер да айтылып жүрөт. Тажик президенттери, жазуучулары расмий жыйындарда да биздин кыз, Манас биздин жезде деп айткан учурлар бар.
Кыргыз тарыхында эң кымбат калың төлөнгөн кыз. Хан Жакып болочок келини үчүн эч нерсе аябайт. Алтымыш нар комдотот, ага сомдогон алтын жүктөтөт, он алты төөдө ак күмүш, калыңга делген алты сан малды алтымыш миң киши айдайт. Жолдо малга жапайы жаныбарлар кошулуп, Букарды малдын баары, жандын баары басып калат. Анан Жусуп Мамайдын варианты боюнча бай Жакып мындай дейт:
Кадырлуу куда, сыйлуу сөөк,
Биз болобуз, Карахан.
Кылыгың түздө, кыз үйдө,
Сен болосуң, Карахан.
Асмандагы жылдызды,
Сууда жүргөн кундузду,
Башымдагы чачымды,
Оозумдагы тишимди,
Сага арнадым Карахан.
Ушундай байлык менен Жакып кыз калыңын берип, макулдук алат.
Кыргыз колуна кыргын түшүргөн кыз. Санирабига Манас чоролору менен теңсинбей келгенде "өрүмдөн чачы өтө элек, өзү бала секелек" болсо да, Чубак менен жекеме-жеке чыгып, намыс талашат, эрдик, баатырдык кылып, "Букарды төрт жолу курчоодон" куткарат. Атүгүл түн ортосунда уруксат сурабай үстүнө кирип барган Манастын билегине канжарын тартып ийип, болочок жарын жарадар да кылат.
Манасчылардын Каныкейге берген баасы. Аны эпосто "Ал Каныкей капыры, адамдан бөлөк акылы... ", "Оюн терең жиберип", "Үзүлгөнүн улаган", "Ыраазы кыла сөз айткан", "Кылган иши баары амал", "Он асыйга тең экен", "Акылга дыйкан даанышман", "Тула бою нур экен", "Боюнда жалгыз арстан", "Көкүрөк жайык келишкен", "Алакан жайык, колу ачык", "Ак көрпө жайыл ургаачы", "Жабылуу катар кара инген", "Жакшысы элге билинген", "Манасты Манас кылган Каныкей", "Алты айчылык кырсыкты алдын ала айта алат" ж.б. саптар менен мүнөздөйт. Саякбай Каралаев "Узун чачтын ыктуусу, ургаачынын мыктуусу, кең көйнөктүн тазасы, ургаачынын паашасы" деп сүрөттөйт. Каныкей — кара сурдун сулуусу, ала жипти аттабаган аруу ургаачынын мыктысы, жакшылык менен жамандыкты алдын ала көкүрөк көөдөнү аркылуу билген олуя, жети өлчөп бир кескен даанышман, окуя-кырдаалдын кайда агып баратканын билген көрөгөч, бүт баарын алдын ала жасап койгон сарамжалдуу, эл башына күн түшүп турганда, атүгүл, айлакер. Мындай оң сапаттары эпопеянын "Көкөтөйдүн ашы", "Чоң казат", "Каныкейдин жомогу" бөлүмдөрүндө, Манастын сөөгүн жашырууда, ага арнап атайын күмбөз салдырууда, беренден калган туягын душман колуна салып бербей алып качууда, аны бөтөн журтта тарбиялоодо, Тайторуну чабууда өзгөчө көрүнөт.
Кошой кийген кандагай. "Манас" эпосундагы эң эле трагедиялуу да, оор да учурлардын бири Кошойдун Жолой менен күрөшө турган учурунда кие турган шым таппай айла куруп турган кез. Муну алдын ала билген Каныкей ага чактап кандагай шым тигип койгондугу, аны кийип Кошойдун Жолой дөөнү жеңип чыгышы ар бир кыргыздын канын дүргүтөт.
Саяпкерчилиги. Каныкейдин бул өнөрү Аккуланы таптаган учурда көрүнөт, ага "күрүчтөн күндө жем берет, күндө терин алат". Кийин төлгө кылып Семетей таята журтунда жүргөндө Тайторуну байгеге таптап, аламанга кошот жана жеңишке жетет.
Кайып болуп кетүү. Каныкей трилогиянын үчүнчү "Сейтек" бөлүмүндө да Сейтектин чоң энеси катары көрүнөт. Анан манасчылар сүйүктүү каармандарын өлүмгө ыраа көрбөгөндүктөн Каныкей Бакай, Семетей, Айчүрөк менен кошо кайып болуп кетет.
Эң биринчи диссертация. "Манас" эпосу боюнча биринчи кандидаттык диссертация Каныкейдин образына байланыштуу жазылган. 1962-жылы корголгон бул эмгектин автору Самар Мусаев, ал "Каныкейдин образы" ("Манас" эпосунун элдүүлүк проблемасына карата") деп аталат. Андан кийин С.Байгазиев "Аялзаттын тунугу, ак жоолуктун улугу Каныкей — Ала-Тоолук кыздардын руханий-адептик маягы", Неля Бекмухамедова "Эволюция женских образов эпоса "Манас" ж.б. китептерин жазышат. Роза Кыдырбаева: "Манасчылар Каныкей тууралуу жогорку нота менен гана айтат, "үзүлгөндү улаган, чачылганды жыйнаган" деген салттуу формуланы аны менен көп жолу кошо кайталап айтып турушат", — деп белгилейт.
Каныкейдин образы искусство чыгармаларында. Бул образ "Саякбай", "Манастап ураан чакырып... " ж.б. кинофильмдерде, Жалил Садыковдун "Айкөл Манас", "Манастын уулу Семетей", "Сейтек" драмаларында, "Манас" операсында, Теодор Герцендин иллюстрацияларында, Кадыркул Орозматовдун "Жер-Эне" (1983) деген сүрөтүндө, Тургунбай Садыковдун улуттук филармониянын алдына койгон скульптуралык комплексинде (1981), Ош шаарына кире бериштеги айкелде ж.б. эмгектерде чагылдырылган. Алардын баарында Каныкей баатырды баатыр кылган, кыргыздардын баарына эне болгон, сулуулуктун, акылмандыктын, жарына берилгендиктин символу катары көрсөтүлгөн.