Бишкектин четинде автоунаалардын таймашы болду. Кызыктуу 14 сүрөт

Sputnik

Автоунаалардын "таймашы" Жал айылындагы автодромдо болду. Мындай иш-чара Кыргызстанда үч жылдан бери өткөрүлүп келет. Алгачкы жана андан кийинки жарыш Кант шаарынын аймагында уюштурулган.

Кыргызстан менен Казакстанды багындырган пилот Улукбек Италияга чакыруу алды
Мындай өзгөчө таймаштын катышуучуларына өзгөчө талаптар коюлат. Автоунааларда тез күйүп кетүүчү заттар, курч жана тилип кетүүчү буюмдар болбошу керек. Алар — айнектер, фаралар, жарыктандыргычтар, бамперлер, радиатордун тору, эшиктердин ички туткалары, кулпулар, айнек көтөргүчтөр, жүргүнчү отурган кресло, арткы отургучтар, желим панелдер жана башка дагы бир нече элементтер.

1 / 14
Жал айылына жакын жерде өзгөчө таймаш өттү
2 / 14
Бул сапар "салгылашка" кызыккандар арбын экендиги байкалды
3 / 14
Жарышка атайын даярдалган гана автокөлүктөр катыштырылды
4 / 14
Рулда отурган киши кооптуулуктан коргонуучу кийимчен келиши керек
5 / 14
Таймаш алдында...
6 / 14
Сынакты атайын даярдыктан өткөндөр – маршалдар карап турушту
7 / 14
Программа эки бөлүктөн турду…
8 / 14
… кан кайнаган учурлар
9 / 14
Бул жарыш көргөндөрдүн көөнүндө көпкө сакталат
10 / 14
Таймашта пилоттор атаандашынын темир тулпарын "аксатканга" аракет кылышты
11 / 14
Кандай жол менен болсо да жеңиш керек. Күчүңдү, айлакерлигиңди, ыкчамдыгыңды көрсөт
12 / 14
Аба ырайы бүркөк болгону менен көргөнгө келгендердин күткөнү башка болду
13 / 14
Элдин арасында балдар да жүрдү
14 / 14
Сүрөттө "Призрак" деген ылакап аткан конгон Сергей Кошкин. 2016-жылы Кант шаарындагы таймаштын жеңүүчүсү.