Уран кенин казууга каршы митингдин асмандан көрүнүшү. Видео

Бүгүн Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" аянтына 150дөй киши уранга каршы митингге чыкты.
Sputnik

Ага Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол аймагындагы Таш-Булактагы уран кенин иштетүү боюнча аракеттер себеп болгон. Аталган кенди чалгындоого UrAsia in Kyrgyzstan компаниясы лицензия алган. Жарандардын каршылыгынан улам өкмөт кенди изилдөө жана чалгындоо иштери убактылуу токтотулганын билдирген.

Равшан Жээнбековду жулкулдатып, микрофонун жулуп алышты. Митингдеги видео
Нааразычылык акциясына чогулгандар президент Сооронбай Жээнбековго, төрага Дастан Жумабековго, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго жана башка тийиштүү жетекчилерге кайрылуу жолдоп, 6 пунктудан турган резолюция кабыл алышты

Митинг учурунда Равшан Жээнбековдун айынан чыр чыгып кете жаздаган. Чогулгандар "кетип калыңыз" деп элдин арасынан бөлүп салышты. Ошондой эле депутат Алмамбет Шыкмаматовдун да кетүүсүн талап кылышкан. Митингчилер саясатчылар аталган акцияга өзүлөрүн пиар кылуу үчүн келгенин билдиришти.