Равшан Жээнбековду жулкулдатып, микрофонун жулуп алышты. Митингдеги видео

Равшан Жээнбеков уран казууга каршы өтүп жаткан митингде сөз сүйлөйүн деген. Бирок акциянын катышуучулары анын колунан микрофонду жулуп алып, өзүн пиар кылбай кетишин талап кылышты.
Sputnik

Тытып салат! Уранга каршы митингде Равшан Жээнбековду кууп чыгышты. Видео
Уранга каршы акция бүгүн, 26-апрелде, Бишкектин борбордук аянтында өткөн. Митингге 150гө чукул адам чогулган. Алар Ысык-Көлдүн Кызыл-Омпол аймагындагы Таш-Булактагы уран кенин иштетүүгө каршы болушууда.

Акцияга чыккандар кезек-кезеги менен сүйлөп жатышкан. Ал эми экс-депутат Равшан Жээнбеков микрофонду алганда жанында турган кишилер аны сүйлөтпөй, катардан чыгып кетүүсүн талап кылышты. Мындан улам Жээнбеков митинг болуп жаткан жерден кетүүгө аргасыз болду.