Ишембиге карата аба ырайы

Ишемби күнү, 26-27-апрелде күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүп, тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
Sputnik

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. 27-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Май айында аба ырайы кандай болорун синоптиктер билдирди
Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы Чүйдө +14…+19, Таласта +12…+17 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +15…+20, Ысык-Көл жана Нарын жергесинде +11…+16 градус жылуу болот.

Бишкек жана Ош шаарларында түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жааса, күндүз күн ачык болот. Абанын температурасы Ошто +19…+21, Бишкекте +16…+18 градуска жетет.