Путин Ким Чен Ын менен жолугушуу үчүн Владивостокко барды

Ким Чен Ын Россияга иш сапары менен кечээ, 24-апрель күнү, келген.
Sputnik

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен толук форматта жолугушуу үчүн Владивосток шаарына барды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Шляпасын чечип, даам ооз тийип... Ким Чен Ындын Россияга келген видеосу
Ким Чен Ын Россияга иш сапары менен кечээ, 24-апрель күнү, келген.

Түндүк корея лидери Россияга биринчи ирет 2011-жылы келгени маалым. Ал эми ушул жылдын апрель айында кайра шайлангандан кийин чет өлкөгө алгачкы жолу чыгышы.

Иш сапарынын майда-чүйдөсү коопсуздук үчүн акыркы күндөргө чейин сыр катары сакталды. Жогулугууга эки гана күн калганда Россия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков лидерлер 25-апрель күнү Владивосток шаарында кезигерин билдирди.

"Бүгүн алар түштөн кийин жолугушат. Алгач экөө бетме-бет сүйлөшүп, андан соң делегация мүчөлөрүнүн катышуусунда кеңири чөйрөдө сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Бирок документтерге кол коюу жана ЖМКларга билдирүү жасоо пландалган жок", — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин тараптардын Корей жарым аралынын өзөктүк куралдар боюнча көйгөйлөрүн жолго салуу жана эки тараптуу мамилесин талкууга алары айтылган.