БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Ыраакы Чыгыш федералдык университетинин кампусунда Россия лидери Владимир Путин Түндүк Кореянын башчысы Ким Чен Ын менен жолукту. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Агенттик эки лидердин жолуккан видеосун да жайгаштырган.
Путин Ким Чен Ынды Түндүк Кореянын мамлекеттик кеңешине кайра шайланышы менен куттуктады.
"Сиздин мамлекеттик жогорку кызматтагы ишмердүүлүгүңүз эми эки тараптын, эки элдин достук маанайдагы жакшы ымаласынын өнүгүшүн арттырат деп ишенем. Андан сырткары, бул Корей жарым аралында коопсуздукту жана тынчтыкты бекемдейт деп ойлойм", — деп Путиндин айтканын Кремлдин сайты билдирген.
Мамлекет башчы Пхеньяндын Вашингтон менен Сеулдун диалогунун калыпка келишине кылган аракеттерин колдой турганын айткан.
Ким Чен Ын Россия президентине Владивостокко чакыргандыгына ыраазылыгын билдирип, жолугушуу мазмундуу жана эки тарап үчүн маанилүү болоруна ишеним арткан.
План боюнча сүйлөшүүлөрдөн соң жолугушуулар эки тараптуу делегациянын катышуусунда кеңири форматта өтөт.
Түндүк Кореянын лидери Россиянын Владивостогуна шаршемби күнү эртең менен келип түшкөн. Бул анын Россияга жасаган биринчи сапары эмес. Андан сырткары, жогорку постко шайлангандан кийинки чет жакка болгон тунгуч сапары.