Путин Донбасстын жашоочуларына берилген Россия паспорту тууралуу

Шаршемби күнү Путин Донецк жана Луганск элдик республикаларынын жашоочуларына Россиянын жарандыгын берүү боюнча процедураларды жөнөкөйлөткөн Жарлыкка кол койгон.
Sputnik

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Россиянын лидери Владимир Путин Донбасстын жашоочуларына Россия Федерациясынын паспортун берүү Жарлыгына Киевдин негативдүү реакциясын кызык деп атады. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Анын айтымында, мында өзгөчө деле эч нерсе жок, бул бир катар өлкөлөрдүн реакциялары.

"Бул кандайдыр бир негативдүү реакцияны пайда кылдыбы? Мындай чечимдин андай реакцияны жаратышынын өзү да таңгалычтуу болду", — деп айткан ал журналисттерге.

Мисал катары Польшаны атап, аталган өлкө картасын, ал эми Венгрия менен Румыния паспортун берерин айтты.

"Мындан улам менде суроо пайда болду. Украинада жашаган орустардын румындардан, поляктардан, венгрлерден эмнеси кем? Же Россия менен үзүлбөй турган байланышты — туугандык, баш кошуп жашап калып, боордоштукту сезген украиндерди алалычы. Мен бул жерде өзгөчө нерсени көрө алган жокмун", — деп кошумчалаган президент.

Ал дагы бир маселени кабыргасынан койгон.

"Украинанын коңшусу болгон башка өлкөлөр муну көп жылдан бери жасап келсе, а эмнеге Россия жасай албайт?" — деп суроо салган ал.

Абийир туткуну. Киселев ооруканага түшкөн Вышинский тууралуу айтты
Россия лидери Донецк жана Луганск республикаларынын жашоочулары поляктардан, румындардан жана венгрлерден да кыйын абалда тургандыгын белгилеген. Маселен, билим берүү жаатынан алып караганда, алар жөнөкөй эле адамдык укуктарынан ажырагандыгын айткан.

"Алардын Украинанын же башка мамлекеттеринин аймагын аралап жүрүшү кыйын болуп жатат. Россияда ал тургай учак менен поездге билет алуу мүмкүн эмес", — деген Путин.

Шаршемби күнү Путин Донецк жана Луганск элдик республикаларынын жашоочуларына Россиянын жарандыгын берүү боюнча процедураларды жөнөкөйлөткөн Жарлыкка кол койгон.

Документте бул чечим эл аралык укуктары боюнча тартиптерге ылайык, адамдардын эркиндиги менен укугун сактоо үчүн кабыл алынгандыгын белгиледи.

Россияда учурда Украинанын түштүк-чыгышынан чыккандар жашай турганын айтышты.