Путин менен Ким Чен Ын бири-бирине кылыч тартуулашты. Видео

РФ лидери куралга кошуп кесиптешине чай сервизин тапшырды.
Sputnik

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Эки өлкөнүн башчылары бири-бирине белек тапшырганы туурасында РИА Новости агенттиги жазып, видеосун жарыялаган.

"Заманбап куралдар жок учурда ушундай кылычтарды колдонушкан. Тартуум кайрат-күчтү, менин жан дүйнөмдү жана сизди колдогон биздин элибизди чагылдырат", — деп айткан Ким Чен Ын белек берип жатып.

Путин ага ыраазычылык билдирип, ал дагы кесиптешине кылыч берген.

Курал белек кылуу жаман белги экенин эске алып, президенттер бири-бири менен тыйын алмашышты.

Түндүк Кореянын лидери Россиянын Владивостогуна шаршемби күнү эртең менен келип түшкөн. Бул анын Россияга жасаган биринчи сапары эмес. Андан сырткары, жогорку постко шайлангандан кийинки чет жакка болгон тунгуч сапары.