Жогорку Кеңеш өкмөттүн отчетун эки күн карамай болду

25-апрелде Жогорку Кеңештин күн тартибиндеги ар кандай маселелердин ордуна депутаттар өкмөттүн отчетун угат.
Sputnik

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңеш Мухаммедкалый Абылгазиев башында турган өкмөттүн 2018-жылы жасаган ишин кароону эртең, 25-апрелде, улантмай болду.

Өкмөт башчынын Кыргызстанга келген туристтердин саны боюнча күмөнү бар
Мындай чечим парламенттин бүгүнкү жыйынында кабыл алынды. Анткени суроо берүү үчүн жазылган эл өкүлдөрүнүн баары иш күн аяктаганча сүйлөгөнгө жетишпей калган.

25-апрелде Жогорку Кеңештин күн тартибиндеги ар кандай маселелердин ордуна депутаттар өкмөттүн отчетун угат.

Эске салсак, бүгүн, 24-апрелде, премьер Абылгазиев өкмөттүн былтыр жасаган иштери боюнча маалымат берди.