Өкмөт башчынын Кыргызстанга келген туристтердин саны боюнча күмөнү бар

Депутат Махабат Мавлянова былтыр Кыргызстанга 7 миллион туристтин келгени айтылып жатканын, бирок бул сан чындыгында мындан кыйла төмөн болушу ыктымалдыгын билдирди.
Sputnik

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Премьер Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстанга келди деген чет элдик туристтердин саны боюнча күмөнү бар экенин Жогорку Кеңеште айтты.

Кыргызстандын мыкты туристтик слоганы аныкталды. 5 миң долларды ким утту?
Бүгүн, 24-апрелде, премьер өкмөттүн 2018-жылы жасаган иши боюнча отчет берип жатат.

Депутат Махабат Мавлянова былтыр Кыргызстанга 7 миллион туристтин келгени айтылып жатканын, бирок бул сан чындыгында мындан кыйла төмөн болушу ыктымалдыгын билдирди.

Өкмөт башчысы Абылгазиев келген туристтердин статистикалык маалыматы боюнча күмөнү бар экенин белгиледи.

"Ошентсе да статистикалык маалыматка ишенип жатабыз. Бул жерде Казакстандан, Өзбекстандан жана Тажикстандан кирип-чыгып соода кылгандар да эсепке алынып жатат го деген ойдо болуп жатабыз", — деди ал.

Өз кезегинде Мавлянова эгер чындап эле 7 миллион турист келсе, өлкө бюджетине 4-3 миллиард доллар түшмөктүгүн айтты. Эл өкүлүнүн мындай пикири менен премьер да макул болду.