Бишкекке Кытайдан 60 автобус алып келинди. Мэр артыкчылыктары тууралуу

Келечекте мындай автобустардын санын 10 эсеге көбөйтүү пландалууда.
Sputnik

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Бишкекке Кытайдан газ менен иштеген 60 автобус алып келинди.

Унаалар бүгүн эртең менен "Ала-Тоо" аянтына токтотулду. Автобустарды президент Сооронбай Жээнбеков менен мэр Азиз Суракматов көрүп чыккан. Өлкө башчыга, мындан тышкары, "электрондук билет" долбоору да тааныштырылды. Белгилей кетсек, бул долбоорду швейцариялык компания ишке ашырмакчы.

Бишкекте "Коопсуз кичирайон" долбоору ишке кирди. Сүрөттөр
2018-жылдын соңунда автобус алып келүү боюнча тендерди Кытайдын 301 миллион 273 миң 700 сом сунуштаган Znengzhou yutongbus CO, LTD корпорациясы жеңип алган. Белгилей кетсек, дүйнөлүк рынокто анын үлүшү 15 пайызды түзүп, компания бир күндө 730, ал эми бир жылда 750 миң автобус чыгарат.

Мэрдин айтымында, алып келинген 60 автобус бир жуманын ичинде каттай баштайт.

"Президенттин тапшырмасы менен тендер жарыялаганбыз. Башкы талабы - унаалардын газ менен жүрүүсү болчу. Бул үнөмдүү келип, бюджеттик каражатты натыйжалуу пайдаланууга шарт түзөт. Анын үстүнө абанын булганышы боюнча нааразычылыктар айтылып келет. Бул автобустар көлөмдүү, анан бийигирээк келет, ичинде 8 видеокамера орнотулган. Транспорт ыңгайлуу болот деп ишенем", — деди Суракматов.

Шаар башчысы электрондук билеттен түшкөн акчанын эсебинен (киреше 3-4 эсеге жогорулайт) мындай автобустардын санын 600гө жеткирүү пландаштырылганын да айтты. Бул транспорт көйгөйүн чечүүгө бир топ өбөлгө болмокчу.