БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. "Ислам мамлекети" террордук уюму Шри-Ланкадагы адам өмүрүн алган бир нече жардыруунун жоопкерчилигин өз мойнуна алды. Бул тууралуу Reuters жазды.
Анткен менен террордук уюм жардырууну алар жасаганы боюнча далилдерди берген эмес.
Жекшемби күнү, 21-апрелде, Шри-Ланкадагы биринчи алты жардыруу Коломбо, Негомбо жана Баттикалоада болду. Жетинчиси аралдын батышындагы Дехивале шаарында, сегизинчиси Коломбонун чет жакасында катталды. Дагы бир бомба эл аралык Бандаранаике аэропортуна кеткен жолдон табылган.
Окуядан 321 киши каза тапты, алардын 45и — балдар. Мындан башка 520 адам жаракат алган. 23-апрель аза күтүү күнү деп жарыяланды.
Кылмышка шектелип 40 киши кармалган.
Шри-Ланкадагы жардыруудан кийинки видеону Sputnik агенттигинин материалынан көрүңүздөр.