Өмүрбек Текебаевдин соту 3-майга жылды

Мамлекеттик айыптоочу Текебаевдин иши көлөмдүү болуп 18 томдон тургандыктан, аны менен жакшылап таанышып чыгуу үчүн убакыт керектигин айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik.Өмүрбек Текебаевдин сот иши 3-майга жылдырылды. Мындай чечимди Жогорку соттун сот коллегиясы кабыл алды.

Жыйын учурунда мамлекеттик айыптоочу Текебаевдин иши көлөмдүү болуп 18 томдон тургандыктан аны менен жакшылап таанышып чыгуу үчүн убакыт керектигин айтып, ишти кароону башка күнгө жылдырууну суранды.

Жапаров менен Текебаевдин жактоочулары кантип митинг өткөрдү. Видео
Бирок Текебаевдин жактоочулары прокуратуранын келтирген жүйөлөрү менен макул эместигин айтып, ишти кароону улантуу зарылдыгын билдиришти. Алар мамлекеттик айыптоочулар ишти атайылап создуктуруп жатканын белгилешти.

Сот коллегиясы жеринен кеңешип, Текебаевдин ишин кароону 3-майда, саат 10:00дө улантуу чечимин кабыл алышты.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Текебаев Кылмыш жаза кодексинин "Коррупция" жана "Алдамчылык" беренелери боюнча айыпталып, 8 жылга эркинен ажыратылган. Соңку өкүмдү Жогорку сот чыгарган. Бирок кийин Текебаевдин жактоочулары жаңы ачылган жагдайлар боюнча Жогорку сотко кайрылып, ишти кайра кароону өтүнгөн.