БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Мыктыбек Мамасалиев 30-апрель күнү Алматыда өтө турчу JFC жана Alash Pride уюмдарынын биргелешкен турниринде литвалык спортчу менен беттешмей болду. Бул туурасындагы маалыматты мушкер Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине тастыктап берди.
Эске сала кетсек, Мамасалиев буга чейин аталган мелдешке мурда утулуп калган украиналык каршылашы Юрий Проценкону чакырганын, бирок ал 8 миң доллар сурагандыктан уюштуруучулар баш тартууга аргасыз болгонун айтып берген.
"Ак аюу" эми литвалык мушкер Раймонд Докус менен кез келмей болду.
"Биз 93 килограмм салмакта беттешебиз. Докус самбо, грэпплинг боюнча мелдештердин жеңүүчүсү. ММА боюнча беш турнирди утуп, бир ирет жеңилген. Бул каршылашыма канча гонорар төлөп беришкенин билбейм", — деди Мамасалиев.
Ал быйыл спортко активдүү киришип жаткан чагы. Нокауттары менен таанымал мушкер 2017-жылы украиналык Юрий Проценкого JFC турниринин алкагында жеңилип, чемпиондук курду тагынбай калган.
Мамасалиев жарым жылдан кийин кайрадан октагонго кайткан. JFC Young Force турниринин алкагында дагы бир украиналык мушкер Владимир Мищенко менен мелдешип, аны биринчи раундда эле техникалык нокаут менен утуп алган.