Sputnik Кыргызстандын редакциясына Түштүк Кореянын элчиси Ха Тэ Ёк өлкөсүндө кантип ишке орношуу керек, Корей элдик-демократиялык республикасы (КЭДР) менен мамиленин жакшырышы жөнүндө маалыматты мекендештери кандай кабылдаганы боюнча маалымат берди.
— Кыргызстан менен Кореянын соода-экономикалык мамилелери туурасында айтып берсеңиз.
— Эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү көлөмүн, тилекке каршы, азырынча 100 миллион долларга жеткире албадык. Биздин дараметибиз дагы ачыла элек, бул багытта аракетибизди арттыруубуз абзел. Кыргызстан кореялыктар үчүн ушул убакка дейре абдан чакан рынок катары кабыл алынат, бирок андай эмес да. Сиздин мамлекет — Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчөсү, мында европалык өлкөлөр үчүн атайын бажы режими иштейт. Эгер бул боюнча корей бизнесмендери кабардар болушса, алар Кыргызстанда эмне деген гана өндүрүштөрдү ачууга билек түрө киришмек.
Мамлекетти өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына биз да ортоктош болуп, санариптештирүү багытында иш алып баргыбыз келет.
— Келиңиз анда, илим, маданият жана билим берүү тармагындагы кызматташтык жөнүндө баарлашалы?
— Кыргызстанда буга жакшы жагдай жаралды, анткени, жаштардын корей маданиятына, сериалдары, музыкасына кызыгуусу артууда. Корей Республикасынын өкмөтү жылына стипендия бөлөт, ал аркылуу ондогон кыргызстандыктар биздин өлкөдө билим ала алышат. Мамлекеттик кызматкерлер үчүн кыска мөөнөттүү билим берүү курстары бар, бул долбоорду да KOIKA колдойт. Кыргыз улуттук университетинде, Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде жана Бишкек гуманитардык университетинде корей борборлору иштейт, ал жайларда кыргызстандыктар биздин өлкөнүн тилин үйрөнүп, маданияты менен тааныша алышат. Жакында эле дагы бир Корея таануу борборун ачтык.
— Корея менен менин жеке таанышуум беш жашымда башталган. Анда мен "Хон Гиль Дон" көркөм тасмасын көргөн элем. Сиз ал кинону көрдүңүз беле?
— Бул Түндүк Корея тасмасы болсо керек эле...
— Кечириңиз...
— Эч нерсе эмес, "Хон Гиль Дондун" түштүк кореялык режиссёр тарабынан да тартылган версиясы бар.
— Аябай таасирленип, окшошкум келген каарман эле. Бактардын үстүндө чуркап, кунг-фу менен машыгып… Өлкөлөрүбүз маданий чөйрөдөгү кызматташтыкты өрчүтсө деген тилек. Маселен, азыр k-pop кеңири тараган. Бирок сиздин коңшу өлкөңүз тууралуу кеп козголуп калган соң, айтсаңыз, Түштүк Кореянын жарандары Түндүк Корея менен мамилени түзөтүү кабарын кандай кабылдашты?
— Түштүк Кореянын дээрлик бүт тургундары бул аракетти кубаттоодо. Азыр Корей жарым аралдагылардын баары ынтымакта жашоону каалайт. Биздин жарандар Түндүк Корея менен тынчтыкка жетишүү, анүчүн көп аракет жумшоо керектигин билишет.
— Кыргызстандагы корей диаспорасынын мүчөлөрү көппү, канча убакытта бир кандай себептер менен чогулушат?
— Корейлер Борбордук Азияга кандайча байыр алышканы жалпыга маалым болсо керек. Адегенде алар Казакстан менен Өзбекстанга келишкен, кийинчерээк айрымдары Кыргызстанга жер которушкан. Азыр мында 17 миң корей жашайт. Көп болбосо деле, корей диаспорасы сыйга татып, белгилүү бир ийгиликтерди багындыра алышканына күбө болдум. Менимче, буга корейлердин мээнеткечтиги себеп.
Бизнес ачуу үчүн Кыргызстанга биздин жарандар келгенде жергиликтүү кореялык коом абдан катуу көмөктөшкөн. Биздин өкмөт жергиликтүү корейлерди колдоо үчүн дайым күч жумшап келет. Түштүк Кореяда чет жердеги мекендештерге жардам көрсөткөн, бюджети жакшы атайын фонд бар. Ал Кыргызстандагы корейлердин коомдук бирикмесине да, Корея Республикасында билим алууга белсенген корей жаштарына стипендия үчүн да каражат бөлөт. Тарыхый мекенди көргүсү келгендер үчүн да программа бар.
— Менимче, акыркы кезде Кореяга кеткен кыргызстандыктардын саны арбыды. Балким, акча табууга, мүмкүн биротоло ал жакка жөнөп жатышкандыр... Түштүк Кореядан иш табуу, Корея жарандыгын алууга болгон талаптын өсүшү эмнеге байланыштуу?
— Корея Республикасында жумушка орношууга кыргызстандыктарга жол ачкан программа 2007-жылы башталган. Жыл сайын 250-300 киши ишке алынат. Азыр Кореяда алты миңдин тегерегинде кыргызстандык бар. Эмгек мигранттарынын агымы чындап эле көбөйүүдө, негизинен өлкөңүздүн түштүк аймагынын тургундары басымдуулук кылат. Баарынан мурда аларды маяна (1,5-2 миң доллар), эмгектин жакшы шарттары, иш саатына жогорку чендер жана башка көптөгөн бонустар кызыктырат.
Чет өлкөлүк жумушчулардын баарына эмгек талаптарынын катаалдыгы бирдей. Ар кыл өлкөнүн жарандары үчүн белгилүү бир ишмердик чөйрөлөрү бекитилген. Кыргызстандыктар көбүнчө заводдордо иштешет, алар, маселен, айыл чарбасы же тейлөө тармагында иштей алышпайт.
— Корей жарандары өздөрү орточо канча табышат?
— Чет элдиктердей эле, эч кандай айырмасы жок.
— Эмнеликтен кыргызстандыктардын заводдордо гана иштөөгө акысы бар?
— Программа башталгандан бери 12 жылдык тажрыйбанын негизинде ушундай чечим кабыл алынган. КРдин айрым жарандары Кореяда мыйзамсыз жүргөн учурлары болду. Келишимдин мөөнөтү аягына чыга электе ишин таштап, башка жумушка орношкон же башка терс көрүнүштөр болду. Ушул себептен азыр кыргызстандыктарга өндүрүш тармагында гана иштөөгө уруксат берилген.
— Биздин өлкөлөрдүн жарандарынын кандай окшоштуктары бар, эң башкы айырмачылыгы кайсы?
— Беш жыл мурун алгач келгенимде кыргыздардын корейлерге өтө окшоштугун көрүп, бир аз таңгалгам. Жергиликтүү бир тургун түпкү бабаларыбыз бир деп да айткан. Кайсы бир деңгээлде мунун чындыгы да бардыр.
— Социалдык медиада Түштүк Кореяда иштеген КР жарандары бизде эл аралык уюмдарда ишке орношо алышары тууралуу кабарланган. Бул долбоор Корея Республикасынын көмөгү менен жүргүзүлөбү? Эгер ошондой болсо, бул туурасында кененирээк айтып берсеңиз.
— Жогоруда мен атаган расмий түрдө жумушка орноштуруу программасы боюнча беш жылдык иш мөөнөтү каралган, болжол менен мигранттардын эки-үч агымы мекенге кайтты. Биз аларды мында ишке жайгаштыруу үчүн кореялык компаниялардын өкүлдөрү менен тааныштырганбыз. Андай жолугушууларды бир жылда бир өткөрөбүз.
Мисалы, кыргызстандык жаран Кореяда беш жыл иштеп, ширетүү технологиясын өздөштүрүп, үйүнө кайтып, мында корей курулуш ишканасына ишке кирди дейли. Албетте, ага Кореядагыдай маяна төлөнбөйт, бирок кандай болгон күндө да жакшы айлык табат.
— Жылына 350 жумушчу орун — бул Түштүк Корея тарабынан бөлүнгөн квотабы?
— Квота боюнча 500 орун, бирок ишке орношууну каалаган, ылайык келген жана иш берүүчүлөрдүн талабына туура келген кыргызстандыктардын саны беш жүзгө чыкпайт.
— Түштүк Кореяда иштегим келсе, эмне кылуум зарыл?
— Бишкекте жумушка орноштуруу борборлору бар, аларга кайрылып, корей тили боюнча экзамен берүүгө катталып, кайсы ишке жөндөмүңүз, кандай технологияларды билериңиз туурасында айтып берүүңүз кажет. Эгер бардык талаптарга жооп берсеңиз, сизди Кореядагы иш берүүчүлөр караган тизмеге киргизишет. Орточо буга 1,5 жылча убакыт сарпталат.
— Кореяга жол кире, жашоо үчүн чыгымдарга башта канча каражат кетет?
— Тилекке каршы, сизге так көрсөткүч айта албайм. Иш келишимдеринде эң аз айлык акы — 1,5 миң доллар деп көрсөтүлгөн, аны мигрант ал жакка баргандан кийин бир айдан кийин колуна алат. Андыктан, алгач жанына акча алганы оң, менимче, кайра эки-үч айда акталат. Ал эми соңку беш жылда кыйла тыйын топтоп, мекендеги үй-бүлөсүнө да көмөктөшө алат.