Шри-Ланкадагы жардыруудан каза болгондордун саны 262 кишиге жетти

Жекшемби күнү Пасха майрамы белгиленип жатканда жардыруу болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Шри-Ланкада бир күндө болгон сегиз жардыруудан каза болгондордун саны 262 кишиге жетип, 452 киши түрдүү жаракаттарды алды. Бул тууралуу News 1st телеканалы билдирди.

Эс-учун жоготкон, канжалаган адамдар. Шри-Ланкадагы жардыруудан кийинки видео
Жекшемби күнү Пасха майрамы белгиленип жатканда Коломбо, Негомбо жана Баттикалоа шаарларындагы чиркөөдө, үч мейманканада жардыруу болгон. Ал эми жетинчи жардыруу  өлкөнүн батышында болсо, сегизинчи жардыруу Коломбо шаарынын чет жакасында орун алган. Дагы бир бомба Бандаранаика эл аралык аэропортунан анча алыс эмес жерден табылып, зыянсыздандырылган.

Акыры маалыматтар боюнча каза болгондордун арасында Даниянын, Япониянын, Пакистандын, Марокконун, Индиянын, Бангладештин, Кытайдын, Нидерланддардын, АКШнын, Түркиянын жана Улуу Британиянын тургундары бар.

Жардырууларга катыштыгы бар деген шек менен 13 киши кармалды. Ошондой эле полиция кол салууда колдонмкочу болгон жүк ташуучу автоунааны табышкан.

Айрым ЖМКлардын жазышынча, жардырууларды жанкечтилер уюштурушу ыктымал. Бул окуяларды өлкө башчысы Майтрипала Сирисена түзө турчу атайын комиссия иликтейт.