Шейшембиге карата аба ырайы

Шейшемби күнү республиканын көпчүлүк аймактарында жамгыр жаайт.
Sputnik

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Эртең Жалал-Абад дубанынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, бийик тоолуу райондордо кар түшүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүйдө +13…+18, Талас облусунда +12…+17 градуска жетет.

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облусунда күндүн табы +16…+21 градус болору айтылды.

Ысык-Көлдө термометр +14…+19, Нарын өрөөнүндө +15…+20 градусту көрсөтөт.

Синоптиктер Ош жана Бишкек шаарларында күндүн көзү бузулбашы мүмкүндүгүн айтышты. Абанын температурасы Ошто +18…+20, Бишкекте +15…+17 градуска көтөрүлөт.