Сапар Исаковдун ишенимден тайганына бир жыл толду. Командасы кайда

Сапар Исаковдун министрлер кабинетинин мүчөлөрү кайда жана эмне менен алек экенин бул макаладан окуңуздар.
Sputnik

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Туура бир жыл мурун, 2018-жылдын 19-апрелинде, Кыргызстандын парламенти премьер-министр Сапар Исаковго ишеним көрсөтпөй, аны жана ал жетектеген өкмөттүн курамын отставкага кетирген. Эртеси күнү эле Мухаммедкалый Абылгазиев башында турган жаңы министрлер кабинети түзүлгөн.

Sputnik Кыргызстандын редакциясы Исаков жетектеген өкмөт курамынын мүчөлөрү, кыска убакыт болсо да аны менен бир "кемеде" болгондор азыр эмне менен алектенерин эске салууну чечти. Сапар Исаков 2017-жылдын августунда премьер болуп, бул кызматты болгону сегиз ай гана ээлеген.

Тизмедегилердин айрымдары отставкага чейин эле кызматтан кол жууган, кээси аны менен бирге, бир нечеси Абылгазиевдин өкмөтүнө кирип, көпкө иштешпеди. Азыркыга дейре министрлер кабинетинин курамында жүргөндөр да жок эместигин да белгилей кетели.

Сапар Исаков

Сапар Исаковдун ишенимден тайганына бир жыл толду. Командасы кайда

Бир жыл ичинде мурдагы премьер-министрдин тагдыры чоң өзгөрүүгө дуушар болду, былтыр жайдан бери ал тергөө абагында. Ушул тапта Исаков мурдагы бир топ аткаминерлер менен бирге ТЭЦти заманбапташтыруу иши боюнча соттолуучулардын катарында. Ага "жылуулук борборун заманга ылайык оңдоо ишин колго алган кытайлык TBEA компаниясынын кызыкчылыгын коргогон" деген айып тагылган. Ал Мамлекеттик тарых музейин реконструкциялоо жана Чолпон-Атадагы ипподромдун курулушу менен бириктирилген иш боюнча да айыпталууда.

Толкунбек Абдыгулов

Сапар Исаковдун ишенимден тайганына бир жыл толду. Командасы кайда

Исаковдун министрлер кабинетиндеги биринчи вице-премьер, бирок 2017-жылдын ноябрында ал кызматынан төмөндөтүлүп, вице-премьерлик кызматты аркалап калган. 2017-жылдын декабрында кайрадан Улуттук банктын төрагалыгына кайткан. Азыркыга дейре ушул кызматта.

Аскарбек Шадиев

Сапар Исаковдун ишенимден тайганына бир жыл толду. Командасы кайда

Абдыгуловдон кийин биринчи вице-премьерликке келген. Ал Конституциянын жаңы редакциясы боюнча кызматка дайындалгандан кийин да депутаттык мандатын сактап калган алгачкы парламентарий. Былтыр апрель айында ал ЖКнын эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин башчысы Арсен Закиров тарабынан кымырылган 2 миллион сом боюнча кылмыш ишинен улам отставкага кеткен. Ал каражат Шадиевдин колу коюлган каттын негизинде бөлүнгөн. Учурда өлкөдөн тыш качып жүрөт. Шадиевге кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу, мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү, ири өлчөмдөгү кылмыштуу кирешени мыйзамдаштыруу боюнча айып тагылган.

Мурдагы аткаминер 10 жылга сыртынан соттолуп, 2 млрд сомго бааланган мүлкү конфискацияланган. УКМКнын маалыматына таянсак, ал Кыргызстандын чек арасынан сууну кечип өтүп, Нью-Йоркко учуп кеткен.

Дүйшөнбек Зилалиев

Сапар Исаковдун ишенимден тайганына бир жыл толду. Командасы кайда

Вице-премьерлик кызматка келгенче Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетин жетектеген. 2017-жылдын августунан ноябрына дейре вице-премьер, кийин Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун төрагалыгына дайындалган. Бирок 2017-жылдын 24-ноябрында, Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка киришүү аземи өтүп жаткан күнү, ИИМ Академиясынын курсант кызынын айтымында, Зилалиев өкмөттүк трассанын боюна бомба коюлган деп кабарлаган имиш. Ал жаңжалдан соң Зилалиев ММБК төрагалыгынан кол жууп, сот аны үч жылга шарттуу кескен.

Былтыр 8-декабрда ал кармалып, камакка алынган. Анын декларацияланбаган 890 миң долларын, батир жана жер тилкелерин табышкан. УКМК Зилалиев туугандарынын бирине жалпы наркы 53 миллион сомдук эки кеңсени, ал эми дагы бир жакынына бир катар кендерди казууга уруксаттаманы каттаткан. Азыр ал тергөө абагында кармалууда.

Чолпон Султанбекова

Сапар Исаковдун ишенимден тайганына бир жыл толду. Командасы кайда

Социалдык блок боюнча вице-премьер Чолпон Султанбекова Сапар Исаков менен биргеликте кызматтан кеткен. Былтыр октябрда анын талапкерлиги Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине сунушталары туурасында кеп жүргөн, бирок өзү ал сөздөрдү төгүндөгөн. Ошол эле айда ал Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (United World Wrestling) Белбоо күрөш дүйнөлүк комитетинин президенттигине дайындалган. Бул комитет алыш күрөшү боюнча да иш алпарат.

Санжар Муканбетов

Сапар Исаковдун ишенимден тайганына бир жыл толду. Командасы кайда

Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагалыгын аркалаган, 2017-жылдын декабрында вице-премьер болгон. Парламентте өкмөттүн иши канааттандырарлык эмес деп табылганда ал кайрадан мурдагы ордуна кайтып, жогоруда аталган кызматтын төрагасы болуп калган. Аны бул орунга азыркы өкмөт башчы Абылгазиев дайындаган.

Дайыр Кенекеев

Сапар Исаковдун ишенимден тайганына бир жыл толду. Командасы кайда

Кенекеев 2017-жылдын октябрында, маркум Темир Жумакадыров кайтыш болгондон кийин, анын ордуна вице-премьерликке дайындалган. Кызматтан Исаков менен биргеликте кол жууган. Былтыр ноябрдан тарта "Учкун" ААКын жетектейт.

Нурханбек Момуналиев

Сапар Исаковдун ишенимден тайганына бир жыл толду. Командасы кайда

Министрлик рангындагы кызматты ээлеп, өкмөт аппаратын башкарган. Бирок былтыр мартта, өкмөттүн курамы толук отставкага кетерден бир жарым айча мурун кызматынан бошогон. Себеби эл аралык документтерди даярдоодо өкмөт аппаратынын кетирген кемчиликтери үчүн деп айтылган. Учурда жумушсуз.

Мурат Мукамбетов

Сапар Исаковдун ишенимден тайганына бир жыл толду. Командасы кайда

Былтыр апрелде, өкмөттүн отставкасын утурлай, Момуналиевдин ордуна, өкмөт аппаратынын жетекчилигине келген. Кызматын жаңы куралган өкмөттө да сактап калып, 2018-жылдын августуна чейин иштеген. Кийин кызматынан төмөндөтүлүп, аппарат жетекчисинин орун басары болуп калган.

Эрлан Абдылдаев

Сапар Исаковдун ишенимден тайганына бир жыл толду. Командасы кайда

2012-жылдан бери тышкы иштер министри болуп келген, кийин Абылгазиевдин өкмөтүндө да кызматында калган. Бирок өткөн жылдын октябрында ошол кездеги Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султановдун демаршынан кийин отставкага кеткен. Мурдагы элчи ТИМдеги мыйзам бузуулар боюнча жарыялаган. Премьер-министр боолгологондой, моралдык-этикалык аспект анын бул кадамга барышына себеп болушу мүмкүн. Ушул тапта эч кандай мамлекеттик кызматты ээлебейт.

Улан Исраилов

Сапар Исаковдун ишенимден тайганына бир жыл толду. Командасы кайда

Мурдагы ички иштер министри. Абылгазиевдин министрлер кабинетине кирбей калган. Азыркы чакта эч кандай мамлекеттик кызматта эмес.

Уран Ахметов

Сапар Исаковдун ишенимден тайганына бир жыл толду. Командасы кайда

Өткөн жылдын апрелинин башында Юстиция министрлигинен кеткен. Ушул тапта "Жайылтпоо көйгөйлөрү жана экспорттук көзөмөл борбору" коомдук фондусунун укуктук маселелери боюнча улук кеңешчи, бул милдетти ошондой эле бир катар эл аралык долбоорлордо да аткарат.

Айнур Абдылдаева

Сапар Исаковдун ишенимден тайганына бир жыл толду. Командасы кайда

Ахметовдон кийин Юстиция министрлигин жетектеген. Абылгазиевдин өкмөтүндө да бул кызматында калган. Бирок 2018-жылдын августунда ишинен бошотулган.

Артем Новиков

Сапар Исаковдун ишенимден тайганына бир жыл толду. Командасы кайда

Ошол туштагы экономика министри жана Исаковдун тобунун эң кенже мүчөсү да Абылгазиевдин өкмөтүнө кирген эмес. Жакында ал Кыргыз-Россия өкмөттөрү аралык комиссиясынын жыйынында көзгө урунду. Мурда өзү жетектеген мекемеге, Экономика министрлигине көмөктөшкөн.

Жамшитбек Калилов

Сапар Исаковдун ишенимден тайганына бир жыл толду. Командасы кайда

Жээнбеков менен Исаковдун министрлер кабинетинде Транспорт жана жол министри болгон, Абылгазиевдин өкмөтүндө да ушул эле кызматында калган. Өткөн жылдын аягында ал президенттин сынынан соң отставкага кеткен. Андан бир аз мурун орун басары пара менен кармалган. Калилов мындай окуядан соң кызматын аркалоого моралдык укугу жок экендигин билдирген. Кийин мурдагы орун басарынын камакка алынышы боюнча суракка чакырылган. Ушул убакта айыл чарба, тагыраагы, жемиш бакчасы менен алек.

Кубатбек Боронов

Сапар Исаковдун ишенимден тайганына бир жыл толду. Командасы кайда

2011-жылдан бери өзгөчө кырдаалдар министри болуп иштеген, кийин Исаковдун тушунда да ушул кызматты ээлеген. Абылгазиевдин өкмөтүндө ал кызматынан көтөрүлүп, биринчи вице-премьерликке бекиген.

Гүлмира Кудайбердиева

Сапар Исаковдун ишенимден тайганына бир жыл толду. Командасы кайда

Жээнбековдун да, Исаковдун да өкмөтүндө, кийин Абылгазиевдин министрлер кабинетинде да Билим берүү жана илим министрлигин жетектеген. Учурда да аталган министрликтин башында.

Талантбек Батыралиев

Сапар Исаковдун ишенимден тайганына бир жыл толду. Командасы кайда

2014-жылдан бери саламаттык сактоо министри болгон, кийин Исаковдун убагында да ушул кызматты ээлеген. Абылгазиевдин өкмөтүнүн курамына кирген жок. Азыр Батыралиев өз адистиги боюнча кардиолог болуп иштөөдө. Ошондой эле саламаттык сактоого инвестиция тартуу боюнча кеңешчилик вазыйпасын аткарат.

Түгөлбай Казаков

Сапар Исаковдун ишенимден тайганына бир жыл толду. Командасы кайда

Мурдагы маданият, маалымат жана туризм министри 2017-жылдын октябрында мумиянын көмүлүшүнөн улам чыккан ызы-чуудан кийин кызматтан алынган. Бирок анын отставкасын расмий түрдө бул ишке байланыштырышпайт. Азыр ал эч кандай мамлекеттик кызматтарда иштебейт, даректүү тасмаларга сценарий, эскерүүлөрү боюнча төртүнчү китебин жазууда.

Султан Жумагулов

Сапар Исаковдун ишенимден тайганына бир жыл толду. Командасы кайда

Казаковдон кийин келген. Жаңы өкмөттө да маданият, маалымат жана туризм министри бойдон калган. Былтыр октябрда узакка созулган жаман кеселдин айынан 59 жашында каза болгон.

Таалайгүл Исакунова

Сапар Исаковдун ишенимден тайганына бир жыл толду. Командасы кайда

Абылгазиевдин өкмөтүндө да Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигин жетектеп калган. Бирок орун басарларына байланышкан жана эл өкүлдөрүнүн негизсиз иш сапарлары боюнча айыптоолорунан соң отставкага кеткен.

Нурбек Мурашев

Сапар Исаковдун ишенимден тайганына бир жыл толду. Командасы кайда

Жээнбеков менен Исаковдун өкмөтүндө айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигин аркалаган. Кийин да Абылгазиевдин өкмөтүндө кызматында калган. Картошканы сатуу көйгөйлөрү, ага байланышкан ызы-чуулар жана отставкага кетишин талап кылууларга карабастан азыркы тапта да Айыл чарба министрлигин башкарат.

Адылбек Касымалиев

Сапар Исаковдун ишенимден тайганына бир жыл толду. Командасы кайда

2015-жылдан тарта Каржы министрлигин жетектеп, кийин Исаковдун тушунда да бул ишин уланткан. Абылгазиевдин убагында да ушул кызматта калып, былтыр 6-декабрда отставкага кеткен. Ушул чакта жумушсуз, эс алып, ден соолугун чыңдап жүрөт.

Улан Рыскулов

Сапар Исаковдун ишенимден тайганына бир жыл толду. Командасы кайда

Исаковдун өкмөтүндө Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагалыгын аркалаган. Ушул эле кызматта ал Абылгазиевдин маалында да калган. Бирок өткөн жылдын сентябрында кызматтан кеткен. Учурда юридикалык багытта кеңешчи.

Нурбек Абасканов

Сапар Исаковдун ишенимден тайганына бир жыл толду. Командасы кайда

Исаковдун тушунда Абасканов Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетин жетектеген. Өкмөттүн маалыматына таянсак, мамлекеттик комитеттин курамына кирген, алар тарабынан түптөлгөн ишканага Мамлекеттик байланыш агенттигинин лицензиясы берилген. Ушуга байланыштуу былтыр март айында жумуштан бошотулган. Байланыш тармагындагы өз долбоорлору менен алек. Ошондой эле былтыркы жылдын аягы, ушул жылдын башында Азия өнүктүрүү банкынын энергетика тармагындагы долбоорлорунун бирине кеңешчи болгон.