Мындан бир нече күн мурда алсырап, арыктаган ак аюуну Камчатканын Олюторск районундагы Тиличики аймагынан байкашкан. Таптакыр жүдөп, ачкалыктан арыктаган жырткыч адамдарга келип, баш паанек издеген өңдүү. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Окуянын видеосу YouTube каналына жарыяланган.
Камчатканын бийлиги жырткычты алгач тамактандырып, бир аз эс алдырган соң мекенине жеткирүү үчүн Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен тик учак сураган.
Адистер аюуга уктаткан дары сайып, андан соң торго салып, тик учакка жүктөп, "Камчаткалык Умка" деген ысым ыйгарышкан.
Алар жырткычты Чукотканын Наварин тумшугуна алып барып таштоону пландап жатат.
Россиянын ӨКМи мындай куткаруу операциясы Камчатка аймагында биринчи ирет жасалып жаткандыгын, тик учак да аталган жарым аралга алгач ирет аюу менен коно тургандыгын айтышкан.